Нарын РИИБдин жетекчисинин орун басары жана тергөөчү 20 миң сом пара алып жатканда кармалды

Нарын РИИБдин башчысынын сотко чейинки тергөө иштери боюнча орун басары жана тергөөчү 20 миң сом пара алып жатканда кармалды. Бул тууралуу 22-февралда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр «ок атуучу куралды сактоо» беренеси менен козголгон иш боюнча бир нече тургундун баш коргоо чарасын оң жакка чечип берүүнү убадалап, 40 миң сом талап кылган.

Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди, тергөө иштери жүрүп жатат.

Өткөн жылдын аягында Нарын облусунун Кочкор районунда уюшкан кылмыштуу топтун төрт мүчөсү жана аларды жаап-жашырган райондук милициянын жетекчилиги жана кызматкерлери кармалган. Кийинчерээк буга байланыштуу Нарын облусу боюнча 22 милиция кызматкери жазаланган.

Ал эми январдын башында коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө кемчилик кетиргени үчүн ИИМдин 100 жетекчиси ар кандай тартип жазасына тартылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн жаап-жашыруу: Нарында 22 милиция кызматкери жазаланды

ИИМдин 100 жетекчиси ишинде кемчиликтерди кетиргени үчүн тартип жазасына тартылды