Сузак: Ижарага алган унааны сатып жиберген киши кармалды

Жалал-Абад шаарында ижарага алган унааны сатып жиберген 36 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу 19-апрелде Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ШИИБге Сузак районунун тургуну арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын декабрь айында Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаасын ооз эки келишимдин негизинде такси кызматына пайдалануу үчүн бергенин айткан.

Шектүү унааны сатып жиберип, жабырлануучуга 165 миң сомдук материалдык зыян келтирген.

Бул факт боюнча «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары уланып жатат.