Бишкек: Тогуз мектептин окуучулары бомба тууралуу билдирүүдөн улам эвакуацияланды

20-апрелде бомба тууралуу анонимдүү билдирүүдөн улам Бишкектеги тогуз мектептин окуучулары эвакуацияланды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

ШИИБдин маалыматына ылайык, 20-апрелде болжол менен саат 07:29да милицияга №33 мектеп-гимназиянын электрондук почтасына бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөнү тууралуу билдирүү келген. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерлерге барып, аймакты курчоого алып, окуучулар жана мектеп администрациясы эвакуацияланган.

Андан тышкары ушундай эле маалымат башка мектептерге дагы келип түшкөн: № 64, 52, 67, 62 32, Bishkek International School, «Оксфорд» жана «Сейтек». Жеринде милиция иш алып барып жатат.

Мурдараак, 18-апрелде, бомба тууралуу ушундай эле маалымат №67, 90, 63, 51, 17 жана «Интеллект», «Тенсай», «Звездочка» жеке менчик мектептерине, Борбордук Азиядагы Америка университетинин коллежине, Кыргыз-орус Славян университети жана Кырызстан мамлекеттик техникалык университетине келип түшкөн. УКМКнын маалыматына ылайык, 52 мекеменин электрондук почтасына бомба коюлганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ал маалыматтын баары калп болуп чыккан.

УКМКнын башчысынын орун басары Айбек Шаменов бомба тууралуу массалык билдирүүлөргө комментарий берип жатып, мектептерге маалымат жиберген почталардын ээлери Орусия менен Украинанын аймагында жайгашкандыктан, аларды табууга мүмкүн болбой жатканын айткан.

Башкы беттеги сүрөт: Kaktus.media.