УКМК: Ысык-Көлдөгү тоолуу аймактан жардыруучу заттар жана курал-жарак табылды

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы тоолуу аймактан курал-жарактардын жашыруун жайы табылды. Бул тууралуу 22-апрелде УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, облустагы №2028 аскердик бөлүгүнүн сапёр-инженердик тобу жана милиция кызматкерлери төмөнкү курал-жарактарды табышкан:

  • 1 даана Ф1 сактагычсыз граната;
  • 3 даана кол түтүн гранаталары;
  • 1 бирдик ВОГ-17 снаряды;
  • 1 даана сигналдык патрон;
  • 3 даана белгисиз үлгүдөгү чабуул гранаталары;
  • 1 бирдик 16-калибрдеги жылмакай мылтык;
  • 4 даана 7,62-калибрдеги патрондор.

Атайын кызматтан бул боюнча кылмыш иши козголуп, жардыруучу заттарга жана ок-дарыларга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалашты.