«Жети кыргыз жараны бар». ТИМ куралдуу кагылыш жүрүп жаткан Суданга барбай турууну эскертти

Тышкы иштер министрлиги учурда куралдуу кагылыш жүрүп жаткан Судан өлкөсүндө жети кыргызстандык бар экенин белгилеп, тургундарды ал өлкөгө барбай турууга чакырды.

Министрликтен Судандагы кыргызстандыктарды жашаган жеринен чыкпай, аэропортко, аскердик базаларга жана өкмөттүк кварталдарга баруудан алыс болууну эскертишти.

«Сауд Арабия Падышалыгындагы элчиликтин акыркы маалыматына ылайык, Суданда жети кыргыз жараны жүрөт, алардын үчөө БУУнун Хартумдагы кеңсесинде иштейт. Бул маселе ТИМдин көзөмөлүндө, ал эми элчилик Судандагы кыргыз жарандарынын санын тактоо иштерин улантат», — деп белгилешти министрликтен.

Буга чейин, 15-апрелде Суданда армия менен Ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн ортосунда куралдуу кагылыш башталган. Азыркы тапта 600дөн ашык адам каза болуп, 3500дөн ашыгы жаракат алганы айтылууда.

BBC’нин маалыматына ылайык, Суданда жарандык башкарууга өтүүнүн негизинде, Ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдү куралдуу күчтөргө бириктирүү маселеси каралган. Бирок эки тараптын башчылары биригүү боюнча бир пикирге келе албай талаш чыгып, ал куралдуу кагылышка айланган.

Өлкөнүн борбору Хартумдан миңдеген адам чыгып кетип жатканы, беш миллион адам жашаган шаарда дары-дармек, тамак-аш жана таза суу жетишсиз болуп жатканы кабараланууда.