Кыргызстандык жөө күлүк Сардана Трофимова Белграддагы марафондо экинчи орунду ээледи

Кыргызстандык жөө күлүк Сардана Трофимова Сербиянын борбору Белграддагы өткөн марафондо марага экинчи болуп келди. Бул тууралуу мелдештин расмий сайтына жарыяланды.

Трофимова марага эфиопиялык спортчудан 2 мүнөт 5 секундга кечигип келген. Кыргыз спортчусу 42 километр 195 метр аралыкты 2 саат 32 мүнөт 35 секундда басып өттү.

Якутиядан келген спортчу Трофимова 2022-жылы кыргыз жарандыгын алган. Ал эл аралык мелдештерге Кыргызстандын атынан катышуу укугуна ээ болгон.

Өткөн жылдын сентябрында спортчу Алматыда өткөн жарым марафондо жеңишке жетип, октябрда Германияда өткөн абройлуу марафондо алтынчы орунду ээлеген.