Ош: 2010-жылдын июнь окуяларына байланыштуу издөөдө жүргөн Караматхан Абдуллаева кармалды

Ош коогалаңы, 2010-жылдын 11-июну. Сүрөт: Reuters басылмасы

2010-жылдын июнь айындагы Ош коогалаңын уюштуруучулардын бири катары издөөдө жүргөн Караматхан Абдуллаева кармалды. Бул тууралуу 24-апрелде Ош шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2014-жылы сырттан 16 жылга соттолгон Абдуллаева шаардык милиция бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мекемеден толугураак маалымат кийинчерээк берилет деп убадалашты.

72 жаштагы Абдуллаева 2010-жылга чейин Оштогу өзбектердин улуттук-маданий борборунун жооптуу катчысы болгон.

2021-жылы 2-апрелде президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук комитетине июнь окуяларына байланышкан материалдарды изилдеп чыгуу тапшырмасын берген. Кылмыштын алкагында 20дай саясатчы суракка алынган.

Аны менен катар аталган ишке байланыштуу өлкө башчысы Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев дагы Башкы прокуратурага сурак беришкен.

Башкы прокуратуранын 2020-жылга карата маалыматына караганда, өлкө түштүгүндөгү этникалык кагылышуудан 10 жыл өткөндөн кийин 5,5 миңден ашуун кылмыш иши козголгон. Бирок болгону 360 иштин бети ачылып, 4 миңге жакын кылмыш иштери токтотулган.

2010-жылы 10-июндан 14-июнга чейин Ош жана Жалал-Абад шаарларында этникалык өзбектер менен кыргыздардын ортосунда жаңжал чыккан — ал күндөрү Ош менен Жалал-Абаддын көчөлөрүндө коменданттык саат жана өзгөчө абал жарыяланган.

Миңдеген имараттар өрттөлүп, аскер кызматкерлери менен милициянын курал-жарагы жана атайын техникасы басылып алынган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, Кыргызстандын түштүгүндөгү 2010-жылдын июнь айындагы коогалаңда 400дөн ашуун адам көз жумган, миңден ашуун адам жаракат алып, материалдык чыгым 2,2 млрд деп бааланган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Бала атасын көрбөй калса да жүрөгү менен сезет». Ош окуясында жолдошун жоготкон Дилбар

Ошто июнь окуясын эскерүү иш-чарасында күнөөлүүлөрдү жазага тартуу керектиги айтылды

«Зордуктоо, мечиттерден башаламандыкка чакыруу». Оштогу этникалык кагылыш учурунда кандай фейктер тараган?