Садыр Жапаров 9-майда Украинадагы согушту тутандырган Орусияга барат

Президент Садыр Жапаров 9-майда Москва шаарында өтө турган Экинчи дүйнөлүк согуштун Улуу Жеңиш күнүнө арналган парадка катышат. Бул тууралуу 25-апрелде өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Басма сөз кызматтын маалыматына ылайык, Жапаров Орусияга Владимир Путиндин чакыруусу менен барат. Буга чейин Эл аралык кылмыш соту Путинди аскердик кылмыштары үчүн камакка алууга ордер берген. Жапаров бул парадда сыйлуу конок экени кабарланды.

Президенттин тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Муратбек Азымбакиевдин айтымында, сапардын алкагында эки президенттин ортосунда бир катар сүйлөшүүлөр күтүлүүдө.

Садыр Жапаров 9-майдагы парадка катышуу үчүн барган жалгыз президент болот. Буга чейин анын Москвага сапары тууралуу бир катар орусиялык ЖМКлар кабарлашкан.

«Орусиянын досторунун рейтингинде үчүнчү»

Орусиянын Украинага кол салганына жана Путинди камакка алуу боюнча ордерге карабастан, Кыргызстандын бийлиги мурдагыдай эле Орусия тарап менен тыгыз кызматташып, достук мамилени бекемдөө тууралуу дайыма айтып келет.

ЖККУ менен ЕАЭБдин курамына кирген Кыргызстан британиялык The Economist журналынын маалыматына ылайык, «Орусиянын досторунун» рейтингинде үчүнчү орунду ээлеген.

Эксперттер Кыргызстан Орусияга батыш санкцияларынан буйтап өтүү үчүн жардам берип жатат болжошууда. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын маалыматына ылайык, соңку жылы Орусияга жасалган реэкспорттон Кыргызстан 36 млрд сом пайда көргөн.

Кыргызстандын реэкспортуна Евробиримдик да көңүл бурган. Марттын соңунда Бишкекке Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлү О’Салливан келген.

Басма сөз жыйынында ал өлкөлөрдү Орусия санкциялардан буйтап өтүүсүнө плтаформа болбоого чакырган. Ал ЕБ Кыргызстандын бийлиги менен өлкөдө чындап эле Орусияга каршы санкциялардан буйтап өтүү бар же жок экенин аныктап, талкуулап жана ага каршы кандай чара көрүлөрү мүмкүн экенин кошумчалаган.

Орусиянын Украинага кол салышы

Орус армиясы Украинага 2022-жылдын февралында кол салган, Орусия баштаган согуш азыр да уланып жатат. Батыш өлкөлөрү аскердик кол салууну сынга алып, Орусияга карата көп сандагы санкцияларды салган. Мындан тышкары, батыш өлкөлөрү Орусияга көмөктөшкөн өлкөлөргө карата санкция киргизилерин бир нече жолу эскерткен. Бул тизмеге биринчи болуп Беларусь, президенти — Александр Лукашенко кирген. Ал Путинди толук колдоп керек болсо, Украинага кол салуу үчүн өз аймагын берген.

БУУнун 2023-жылдын 23-апрелиндеги маалыматына ылайык, Орусия Украинага кол салгандан бери 8 миңден ашык жай тургун каза таап, дагы 14 миңден ашыгы жабыркаган.

Украиналык укук коргоочулар Украинанын аймагында орус аскерлери тарабынан жасалган аскердик кылмыштарды каттоону улантып жатышат.

Украина Орусияга каршы согушка аскердеги жоопкерлерди гана эмес, буга чейин орус бийлиги тааныбаган «Вагнер» ЧВКсынын жалданган адамдарын да колдонууда. ЖМКнын маалыматына ылайык, ага Орусия түрмөлөрүндө соттолгондорду, ошондой эле Борбор Азиядан келген мигранттарды тартууда.