Коллаж: Жеймс О'Брайен / OCCRP

Абдукадырдын үй-бүлөсү жүз миллиондогон долларды коңшу Кыргызстандагы коррупциялашкан аткаминерлер менен кызматташып тапкан. Эми алар бизнесин Өзбекстанда жайылтып, президент Мирзиёевдин өкмөтү менен жаңы өнөктөш болууга жетишти.

Иликтөөнүн өзөгү:

  • Буга чейинки иликтөөлөрдө Абдукадырдын үй-бүлөсү коррупционер аткаминерлердин жардамы менен Кыргызстанда соода жолдоруна көзөмөл орноткону аныкталган. Бирок бул алардын Өзбекстанда бийликке ыкташына жолтоо болгон эмес.
  • Алар көмүскөдөн чыгып, мамлекеттик агенттиктер жана президент Шавкат Мирзиёевдин туугандары менен биргелешкен ишканаларды түзүүгө киришкен.
  • Абдукадырлар Борбор Азиядагы эң ири базарлардын бири -Ташкенттеги “Абу-Сахийди” сатып алгандан кийин алардын транспорт жана логистикалык компаниялары товар ташыган эл аралык соода жолдорунда басымдуулук кыла баштады.
  • Ал арада Абдукадырдын компаниясы Өзбекстанда эки жаңы бажы терминалын иштетип, дагы бир нечесин куруу үчүн тендерди жеңип алгандай.

2021-жылдын декабрында майрамга жакын Москвага көптөн күтүлгөн жүк келген. Күнөстүү Ташкенттен чыккан муздаткычы бар поездге жүзүм, курма, лимон жана помидор жүктөлгөн эле.

Бул Өзбекстан менен Орусиянын ортосундагы жаңы соода келишиминин алкагында түзүлгөн жаңы “Агроэкспресс” темир жол кызматын алгачкы сыноодон өткөрүү учуру эле.

Орусия Украинага кол салгандан кийин Батыш санкцияларына илингенге чейин бир нече ай мурда президент Владимир Путин жакынкы коңшулары менен тыгыз соода алакасын түзүүгө аракет кылган. Өзбек лидери Шавкат Мирзиёев кызматташууга кубануу менен макул болгон.

Бирок поезддин вагондорунун бооруна тартылган эн белгиден “Агроэкспресске” былтыр гана түзүлгөн эч кимге белгисиз жеке компания өнөктөш экени көрүнөт.

UTI Transit - паракорлук жана коррупция аркылуу көмүскө карго империясын курган делген, Кытайда туулган уйгур тектүү чуулгандуу Абдукадырлардын үй-бүлөсүнө таандык.

“Азаттык”, OCCRP жана “Клооптун” иликтөөлөрү төрт бир туугандын улуусу Хабибулла Абдукадыр башында турган үй-бүлө Кыргызстандагы жооптуу аткаминерлерди кантип сатып алып, бажыдан артыкчылык менен пайдалануу аркылуу өлкөнүн негизги соода жолдоруна көзөмөлдүк кылганынын бетин ачкан.

Бул табылгалар чөлкөмгө белгилүү болгон. Бирок журналисттер Абдукадырлардын соңку бизнес алакаларын бир жылдан ашуун иликтегенден кийин бул үй-бүлө Өзбекстанда ошого окшош схеманы колдонгонун аныкташты. Алар ири базарды жана соода жолдорун көзөмөлгө алып, бажы кызматынын өнөктөшү болуп калганы ачыкка чыкты. Бул ирет алар өз ордун көмүскө жолдор аркылуу эмес, өкмөттүн колдоосу менен бекемдеген.

Ташкенттеги сансыз соода катарлары, Өзбекстан
Сүрөт: OCCRP

Башында өзбек бийлиги Ташкенттин маанилүү базарынын ээсине каршы бир нече текшерүүлөрдү баштап, акыры аны Абдукадырларга сатууга аргасыз кылган. Бир нече ишенимдүү булактар ырастагандай, Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн “таянган тоосу” президент Мирзиёевдин күйөө баласы Отабек Умаров.

Үй-бүлө өкмөт менен түздөн түз кызматташып, мамлекеттик фирма менен бирге Кытайдан келген жаңы соода маршруту деп жарнамалган жүк ташуучу ишкана ачкан.

Журналисттердин колуна тийген документтерге ылайык, Абдукадырлар өзбек өкмөтү планын жарыялаганга чейин эле өлкөнүн расмийлери менен иштешип, чек араларда жаңы бажы терминалдарын куруу долбоорлоруна киришкен. Үй-бүлө эки терминалга инвестиция салып иштетүүнү, дагы бир нече терминалды курууну пландаган.

Алтургай алардын компаниясынын “Агроэкспресс” поезди менен өнөктөштүгү мамлекеттик фирманын сунушу менен ишке ашканы айтылат.

Абдукадырдын үй-бүлөсүн иликтеген Ольстер университетинин криминология боюнча профессору Кристиан Ласслетт Өзбекстан үй-бүлө үчүн ыңгайлуу, көздөгөнү оңунан чыккан өлкө болуп калганын айтууда.

“Өзбекстандын экономикасы өсүп-өнүгүп жатат, эч кандай [өкмөттүк] текшерүүсүз өлкөгө кирешелүү, масштабдуу инвестиция … салууга мүмкүнчүлүк бар. Аларга бул чындап берекелүү жер. Алар жаңы таасир борборуна чындап интеграция болууга аракет кылгандай”.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен кызматташкан журналист жана Борбор Азия боюнча эксперт Брюс Панниер Абдукадырлар үй-бүлөсүнүн ийгилигин алардын күчү менен таасирине байланыштырат.

“[Хабибулла Абдукадырдын] кирешелүү базарга ээ болгонунун өзү эле Өзбекстанда анын таасири күч экенин көрсөтөт. Анын же байланыштары күчтүү, же бийликте тургандар ошондой шарттарга макул болгонуна караганда ал кимдир бирөөгө керек”.

Панниер өзгөчө үй-бүлөнүн бажы терминалдарына чейин жеткени “кооптондурарын” айтат.

“Бул кишилер Өзбекстандын бажы бекеттерин көзөмөлдөп жатканын көргөндө “бул жерди ким башкарат?” деген суроо жаралат. Бажы кызматыбы? Же [Хабибулла Абдукадыр] эле башкарып, бажы кызматы жөн эле ага кызмат кылабы?

Ушундай талаштуу фигуралардын өкмөт менен коюн-колтук алышып жатканы кантип тынчсыздандырбай койсун”.

Журналисттер бул иликтөөлөрдө аты аталган кишилерге, уюмдарга жана мамлекеттик мекемелерге 50дөн ашуун комментарий сураган өтүнүч жиберди. Президент Мирзиёевдин кеңсеси, Өзбекстандын бажы кызматы, Өзбекстандын жана Орусиянын темир жол ишканалары, Отабек Умаров өзү да жооп берген жок. Абдукадырдын үй-бүлөсү Хабибулла Абдукадыр колдонгону айтылган электрондук почтага жиберилген суроолорду алганын бышыктап, бирок кийинчерек жооп берерин билдирди.

Өзбекстандагы сооданын чордону

Өзбекстандын соода тармагында “Абу-Сахийден” ашып түшкөн кирешелүү базар жок. Баш калаанын айланма жолунда жайгашкан базардагы cансыз соода түйүндөрүндө кийимден баштап, турмуш-тиричилик техникасына чейин каалаганыңды тапсаң болот. Базар кытай товарына толгондуктан жергиликтүү куудулдар аны “Кытай борбор” деп атап алган. Кардарлардын ыңгайына жараша бул жердин азык-түлүк күркөлөрү, көп кабат автоунаа токтотуучу жайы, мечити бар.

“Абу-Сахий” базарынын таржымалы бүдөмүк, ага көп жылдар бою экс-президент Ислам Каримовдун күйөө баласы, мартабалуу жашоосу менен таанылган Тимур Тилляев кожоюндук кылып келген.

Тилляев салык жана бажы жеңилдиктерин колдонуп, товарды атаандаштарга караганда арзан сатып, базардагы импорт агымынан миллиондогон доллар пайда көргөн.

Aбу-Сахийдин” имараттары жана автоунаа токтотуучу жайлары 20 гектарды ээлейт. 2006-жылы “Ипподром” деп аталган эски базардын жанында пайда болгон. Советтер Союзу ыдырагандан кийин эски базарда өзбекстандыктар импорттолгон арзан нерселерди сатып алчу.
Сүрөт: OCCRP

Тилляев өзү андай айыптарды такай четке кагып келген, анын адвокаты азыр да айтылгандарды жалганга чыгарып жүрөт. Бирок буга чейин “Азаттык” радиосу өнөктөштөрү менен жарыялаган иликтөөлөр ошол жылдары базарды товар менен жабдыгандардын башында Хабибулла Абдукадыр турганын көрсөткөн.

Коңшу Кыргызстандагы коррупциялашкан бажычылардын колдоосу менен Абдукадыр жана анын инилери “Абу-Сахийде” жалган декларация менен өткөн кытай товарларын сатып, эбегейсиз байлык топтогон болушу мүмкүн. Үй-бүлө Айеркен Саймаитини жалдаган. Ал көптөгөн мыйзамсыз схемалар аркылуу Абдукадырлардын акчасын дүйнөнүн ар ар кайсы өлкөлөрүндөгү банк эсептерине которуп турганын айтып берген. 2019-жылы күзүндө аны Стамбулда атып кетишкен.

Схема жылдар бою иштеп турган. Тилляев жана Абдукадыр экөө тең байыган, ал эми “Абу-Сахий” кеңейгенден кеңейе берген. Бирок Өзбекстанда көп нерсе жогоруда отургандардын “батасына” көз каранды болгондуктан баары бир заматта өзгөрүп кетиши мүмкүн. Ал эми Абдукадыр өңдүү жолдуу кишиге өзгөрүүлөр жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачышы ыктымал.

2016-жылы президент Каримов дүйнө салып, ордуна премьер-министр Шавкат Мирзиёев келген. Жаңы лидер өзүн өлкөнү кең дүйнөгө ача турган, адам укугун бузган көрүнүштөр менен коррупцияга чекит коюп, жемкорлукту тамырынан жок кылчу реформатор болуп көрүнгөн. Андыктан мурдагы башкаруучу үй-бүлөнүн мүчөсү Тилляевдин бутага илинип калганына таң калбай деле койсо болот.

Прокуратура менен салык кызматы мурда кол тийгис болгон “Абу-Сахийде” көптөгөн текшерүүлөрдү баштаган. Соода-сатык жана жүк ташуу бир нече аптага токтогон. Акыры 2017-жылдын аягында Тилляев базардагы үлүшүн анын жаңы ээлерине сатып тынган. Биздин билишибизче, Тилляевдин карааны ошол бойдон өлкөдө көрүнө элек.

“Абу-Сахийдин” ээлери алмашканына өкмөт өзгөчө көңүл бурган. Арадан бир нече апта өткөндөн кийин президенттин кеңсеси базардын уюштуруу иштерин мактап, мамлекеттик бюджетке түшкөн салык көбөйгөнүн белгилеген.

Бир нече айдан кийин мамлекеттик телеканал азыр “Абу-Сахийге” ээлик кылган аты аталбаган “эл аралык тажрыйбасы бар чет элдик инвесторлорду” даңазалап көрсөткөн. Сюжетте баанын арзандаганына сүйүнгөн кардарлар менен ижара акысы азайганына кубанган соодагерлер көрсөтүлгөн.

Көрсө “Абу-Сахий” базарындагы “чет элдик инвесторлор” - Абдукадырлар экен. Тилляевдин адвокаты журналисттерге жиберген электрондук катында экс-президенттин күйөө баласы базарды 2017-жылдын декабрында Хабибулла Абдукадырга сатканын бышыктады. Биздин колго тийген корпоративдик документтерге ылайык, Тилляев кеткенден кийин “Абу-Сахий” алгач Абдукадырлардын немис фирмасына, кийин накта эле ортомчуга, анан эмне менен алектенери белгисиз 20га чыга элек кыз ээлик кылган түрк компаниясына өткөн.

«Абу-Сахий» базарыСүрөт.
Сүрөт: OCCRP

Кирешени бөлүшүү

“Абу-Сахий” базарына жакын булактар, анын ичинде соодагерлер, корпоративдик юрист, милициянын мурдагы жооптуу кызматкери жана жүк ташуучу компаниялардын ээлери Абдукадырдын көмүскөдөгү таасирдүү таянган кишиси - Мирзиёевдин күйөө баласы жана президенттин коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары Отабек Умаров экенин айтышты.

Алар берген схемадан постсоветтик өлкөлөрдүн көбүнө көнүмүш адатты - башкаруучу саясий элитанын өкүлү Умаров кирешелүү бизнести “калкалаганын” көрүүгө болот. Адатта “калкалоочу” кирешеден алчу үлүшү үчүн саясий чабуулдардан коргойт, инсайдерлик маалымат менен камсыздайт жана мыйзамды кыйгап өтүүгө көмөктөшөт.

Абдукадырлардын компаниясында иштеген жеке булактардын бири иштин чоо-жайын айтып бергени менен анын сөздөрүн башка булактардан бышыктай алган жокпуз.

«“Абу-Сахийдин” акцияларына Ажыке (Абдукадырга сый-урмат менен ушинтип кайрылышат) ээлик кылат, бирок ал О[табек] У[маров] менен өнөктөш», — дейт биздин булак.

Ал “Абу-Сахийдин” директорунун кеңсесинен акча санаган машинени жана бир таңгак долларды көргөнүн айтты. Болжолу андан кийин акчаны Умаровго кирешеден түшкөн үлүшү үчүн жеткиришкен.

Биздин булак ошондой эле Абдукадыр менен Умаровдун ортосундагы маанилүү звено катары президенттик үй-бүлөнүн башка мүчөсү — Мирзиёевдин эжесинин күйөө баласы Нажим Абдужаббаровду көрсөттү. “Ал үй-бүлөнүн өкүлү, — деди кызматкер, Абдужаббаров аптанын басымдуу бөлүгүн Абдукадырлардын негизги соода компанияларынын бири Baraka Holding кеңсесинде өткөрөрүн белгилейт. — Ал ажы (Абдукадыр) менен күйөө балдардын ортосунда жүрөт”.

Башка бир долбоордо Абдукадыр президенттик үй-бүлөнүн мүчөсү менен түздөн-түз кызматташкан. Алар Мирзиёвдин аталаш тууганынын баласы менен чогуу ээлик кылган логистикалык борбор Бажы кызматынын тапшырмасы менен бардык эл аралык курьердик жеткирүүлөрдү ишке ашырып турат. (Кененирээк төмөнкү бөлүмдөн окуңуз)

Бир нече жеке булактар Нажим Абдужабборов көп жылдар бою “Абу-Сахийди” башкарганын, ал эми Тилляевдин тушунда компаниянын импорт маселелери менен дагы алектенип жүргөнүн айтышты. Сүрөт: Нажим Абдужаббаров /Vkontakte

 «Ташкент» эл аралык аэропортундагы бир нече жылдан бери Абдукадырдын үй-бүлөсү менен Аброр Мирзиёев чогуу ээлик кылган заманбап логистикалык борбор кантип эл аралык курьердик кызматты көзөмөлдөп калды?

Өзбекстандын чаң ызгыган базарларын аралагысы келбеген жарандар товарды онлайн эле заказ кылып, аны почта же курьердик кызмат аркылуу ала алышат.

Каримовдун тушунда өлкөдө мындай кызматтарга кескин тыюу салынган болчу. Бийликке Мирзиёев келгенде атайын жарлык чыгарып, өлкө жарандарына бир кварталда миң долларга чейин товар заказ кылып, алдыртып турууга уруксат берген.

Ошондон кийин Өзбекстанда онлайн соода-сатык менен эл аралык курьердик кызматтардын иши жүрүшө баштаган. Расмий сандарга караганда, үч жылда бул тармак дээрлик үч эсе өскөн. Трафиктин өсүшүн жөнгө салуу максатында эл аралык почта, курьердик жүк алуу жана бажы тариздөө 2018-жылдын сентябрында Ташкенттен Навои шаарынын аэропортуна көчүрүлгөн.

Көп узабай ишке жаңы оюнчу кирген.

2019-жылдын сентябрына чейин CPT Pochta деген жүк жеткирүүнү тейлеген чакан компаниянын 50% акциясына эми Абдукадырдын компаниясы ээ болуп калган. CPT Pochta компаниясынын дагы 25% акциясын Аброр Мирзиёев алган. Ал Өзбекстанда үчүнчү чоң банктын аткаруучу директору жана президенттин аталаш тууганынын уулу.

Ушундан баштап компаниянын ташы өйдө кулай баштаган. Сентябрдын аягында “Навои” аэропортунда бажычылар дээрлик бардык товарды жөн чыгарбай, кыязы контрабанда издеп, текшере баштаганда соода-сатык иш жүзүндө токтогон.

Ал арада өкмөт бардык эл аралык жана курьердик жеткирүүлөрдү Ташкент эл аралык аэропортунун жанындагы CPT Pochta компаниясынын терминалына которууну тапшырган.

Бажы башкармалыгынан бул убактылуу чара экенин кабарлашкан. Компаниянын негиздөөчүсү Александр Ян журналисттерге бажы кызматы “оор тапшырма” бергенин, колунда компаниянын 25% акциясы гана калганын билдирген. Анткен менен акциянын калган ири бөлүгү Абдукадыр менен президенттин тууганыныкы экенин айткан эмес.

“Убактылуу” чара бүгүнкүгө чейин күчүндө — болгону Түркиядан келген жүктөргө гана таасир этпейт. Аларды “Навоиде” СПТ Почтанын туунду ишканасы иштетет.

Өткөн жылдын жазында Абдукадырдын компаниясы менен Мирзиёевдин тууганы СПТ Почтанын акционерлер тизмесинен чыгып, алардын ордуна коомчулукка белгисиз кишилер кирген.

Анткен менен президенттик үй-бүлө менен байланышы калган: жаңы акционерлердин бири Нодир Хожаев — Аброр Мирзиёевдин күйөө баласы.

“Өкмөттүн көрсөтмөлөрү”

Өзбек өкмөтү Абдукадыр үй-бүлөсүн Өзбекстан менен Кытайдын ортосундагы жаңы соода жолунун долбоорун иштеп чыгуу планына да кошкон.

2017-жылы президент Мирзиёев Кытай жана Кыргызстан менен үч өлкөгө тең пайдалуу жаңы соода жолун түзүү тууралуу келишимге кол койгон.

Декабрда Кыргызстандын президенти Ташкентке расмий сапар менен барганда кыргыз делегациясынын курамында Хабибулла Абдукадыр да болгон. Көп өтпөй эле үй-бүлө өзбек өкмөтү менен расмий кызматташа баштаган. Алардын кытай компанияларынын бири мамлекет ээлик кылган O’rta Osiyo Trans компаниясы менен бирге ишкана түзөт. Биргелешкен ишкана жаңы соода жолун өнүктүрүүдө “өкмөттүн көрсөтмөлөрүн аткаруу” милдетин алат.

Хабибулла Абдукадыр 2017-жылы декабрда Өзбекстанга барган кыргыз делегациясынын курамында. Бул сапардан көп өтпөй анын компанияларынын бири өзбек өкмөтү менен биргелешкен транспорт компаниясын түзгөн.
Сүрөт: YouTube видеодон скриншот/Кыргызстандын президенти.

Өзбек бийлиги Абдыкадырлар менен кызматташууга кызыкдар болгондой. Анткени алар акционерлердин добуш берүүсүндө O’rta Osiyo Trans компаниясынын акцияларынын бир бөлүгүнө ээлик кылган түрк фирмасын ашып өткөн. Түрктөр келишимге каршы позицияны карманышкан.

Жаңы түзүлгөн Silk Road International ишканасына Абдукадыр тарап акча кошсо, өзбек өкмөтү жүк ташуучу чиркегичтер менен камсыздаган. 2018-жылдын сентябрь айында Өзбекстандын Соода министрлиги компания жаңы маршрутту ийгиликтүү ишке ашырып, Кытай менен Өзбекстандын ортосунда азык-түлүк, курулуш материалдарын жана эл керектөөчү товарларды жүктөгөн жүк ташуучу унаалар каттап жатканын билдирген.

2020-жылы Хабибулла Абдукадыр O’rta Osiyo Trans компаниясынын түрктөрдүн колундагы акциясын сатып алып, өзбек өкмөтүнүн түз өнөктөшүнө айланат.

Ушундай жол менен Silk Road International компаниясын түзүүгө катышкан жана Кыргызстандагы “Тарим Транс” жүк ташуучу компаниясына ээлик кылган Абдукадырлар кытай товарын Өзбекстанга жеткирүүдө негизги оюнчуга айлангандай.

Журналисттер аларга атаандаш келген 20дан ашык транспорт компанияларына байланышканда, көбү кара жол менен Кытайдан Өзбекстанга товар алып келе албай калганын билдирген. Жүк ташууга аракет кылгандар көпкө күтүүгө жана товарды жеткире алабызбы же жокпу деген белгисиздикке нааразы болушкан. Алардын биринин кызматкери “Биз бул маршрутту колдонуудан коркобуз” деп, жүктү өткөрүү үчүн анын компаниясынан пара сурашканын кошумчалаган. Абдукадырдын атаандаштарынын көбү үй-бүлө колдонбогон башка жолго ооп, Казакстан аркылуу каттаган поездге товар жүктөп келишчү.

Жүк ташуудан тышкары Абдукадырлардын Өзбекстандагы Baraka Holding деген соода компаниясы чет өлкөдөн товар алып келүүдө ортомчулук ишти аткарат.

Компания товарды импорттоо жана бажы документтерин жөндөөнү өзүнө алгандыктан кардарга товарды “жергиликтүү жеткирүүчүдөн” сатып алуу эле калат.

Абдукадыр үй-бүлөсүнүн менчигине өткөндөн кийин базар бир топ кеңейген. Азыр ал жерде көп кабат имараттар, алтургай жаңы мечит дагы бар.
Сүрөт: OCCRP

Мындай соң Baraka Holding компаниясы менен эч ким атаандаша албагандай. “Озодлик” радиосуна Абдукадырлардын бул компаниясына нааразы болгон соодагерлерден жана ишкерлерден көптөгөн анонимдүү билдирүү келген. Алар Baraka Holding компаниясынын кызматынан колдонуудан башка арга жоктугуна нааразы болушат.

“Эгер соодагер чет өлкөдөн товар алып келүүнү кааласа, анда “Абу-Сахий” Baraka менен гана иштешиши керек, - деп жазган алардын бири. - Болбосо ал товарды бажыдан өткөрбөй коюшат”.

Өзбек өкмөтүнүн маалыматы боюнча 2022-жылы Baraka Holding 200 миллион доллардан ашык кирешеси менен өлкөдөгү үчүнчү ири соода компаниясы болуп калды. Компания комментарий сураган өтүнүчүбүзгө жооп берген жок.

“Ал жерде атаандаштар бар деп ойлобойм”

Абдукадырлар эми Өзбекстандын бажы комитети менен расмий өнөктөш болуп калды. Буга чейин бул үй-бүлө коңшу Кыргызстанда бажынын жогорку кызматтагы аткаминерин сатып алган деген айыптоолор Ташкентти токтоткон эмес.

2019-жылдын январында Мирзиёевдин өкмөтү жеке компанияларды өлкөнүн чек арасында төрт жаңы бажы терминалын куруу боюнча тендерге катышууга чакырган.

Даярданууга 10 гана күн берилген жарнамада өкмөттүн потенциалдуу өнөктөштөрүнө алдын ала квалификациядан өтүү үчүн бир катар шарттарга жооп бериши керек экени белгиленген.

Талапкерлерге экиден кем эмес терминал (анын ичинде чет өлкөдө) курганы, аларды башкарган беш жылдык тажрыйбасы, эл аралык бизнестеги жакшы бедели жана 9,5 миллион доллардан кем эмес уставдык капиталы болушу керек деген шарттар коюлган.

Ошентсе да тендердин жеңүүчүсү жарыяланган жок. Бирок жер реестриндеги жана чет элдик түз инвестициялардын тизмесиндеги маалыматтар долбоорду өкмөттүн жогорудагы бир да талабына жооп бербеген компания аткарып жатканын көрсөтүп турат. Компания тендердерге үч ай калганда түзүлүп, жада калса веб-сайты да жок.

“Менимче маселе жогору жактан чечилген, - дейт долбоордо иштеген адам. - Атаандаштык болду деп ойлобойм”.

Euroasia Transportation and Logistics Company (ETLC) фирмасы германиялык Hyper Partners компаниясына карайт. Ага корпоративдик документтерде үй-бүлөнүн Лондондогу аксарайы көрсөтүлгөн, “Палван” деген фамилиясы бар 23 жаштагы жигит ээлик кылат. “Палван” деген ысымды Хабибулла Абдукадыр жана анын инилери да алып жүрөт, андыктан бул жигит алардын тууганы болушу ыктымал.

Төрт терминал курулуш ар кайсы деңгээлде. Материал жарыяланган учурда алардын экөө иштеп турган.

График: Эдин Пашович / OCCRP

Долбоордун экинчи этабынын алкагында дагы беш терминалды куруу боюнча тендер 2020-жылдын башында жарыяланган. Жеңүүчү аталбаганы менен ETLC алардын биринин жанындагы жер тилкеге ээлик кылат.

Бул иште башка талапкерлердин биринин да кыпындай мүмкүнчүлүгү болгон эместей. Журналисттердин колуна кыймылсыз мүлк тармагындагы үй-бүлөнүн бизнестерин башкарат делген Hyper Finance Group компаниясынын ички документтери тийген. Кагаздар президенттин терминал куруу планы коомчулукка жарыяланган учурда, Абдукадырдын компаниялары өкмөттөгү аткаминерлер менен ири долбоордук иштерди аяктап койгонун далилдеп берет.

Hyper Finance Group үй-бүлөнүн кыймылсыз мүлк тармагындагы барандуу долбоорлорун башкарат. Бул компания маданий борбордун курулушуна, мейманкананы оңдоп-түзөөгө катышып, үй-бүлөнүн башка долбоорлору менен катар эле Хабибулла Абдукадырдын турак жайын башкарат.

Документтердин арасында PowerPoint менен даярдалган презентация кездешет. Анда беш терминалды жана логистикалык борборлорду курууну Абдукадырдын AKA Group компаниясы, Бажы кызматы жана Мамлекеттик темир жол компаниясы “демилгелей турганы” көрсөтүлгөн. Файл акыркы жолу терминал куруу планы жарыяланганга үч ай калганда 2018-жылы август айында редакцияланганын мета-дата айгинелейт.

Президент Мирзиёев Өзбекстандын бажы кызматын жакшыртуу боюнча жарлык чыгарган маалда Hyper Finance долбоордун үстүндө катуу иштеп жаткан. Журналисттердин колуна тийген датасы 2018-жыл, 16-ноябрь деп көрсөтүлгөн папкада президент сегиз күндөн кийин жарыялай турган тогуз терминалдын дизайны, курулуш пландары камтылган.

Кыязы Hyper Finance кайсы терминалдарга артыкчылык берилерин да алдын ала туйгандай. 2018-жылдын 10-декабрындагы документте тогуз терминал тизмектелип, бирок анын төртөө артыкчылыктуу деп белгиленген. Өзбек өкмөтүнүн долбоордун биринчи фазасында төрт терминалды куруу үчүн тендери бир айдан кийин жарыяланган.

Документтерге ылайык, Бехзод Ачилов деген адам Hyper Finance Group компаниясынын дизайнерлери менен байланышкан негизги киши болуп, бажы жол-жоболору менен жакшылап тааныштыруу үчүн буга чейин иштеп жаткан Ташкент терминалына саякат уюштурууга жоопкерчилик алган. Андан бир нече ай мурун Ачилов импорттук жана башка товарларга сертификат берген мамлекеттик агенттиктин жетекчилигинде иштеген. Мындан тышкары Тышкы соода министрлигинде да эмгектенген.

Кийинчерек Өзбекстандын кооперативдик реестриндеги документтер бажы терминалдары боюнча Ачилов менен Абдукадырлардын жакын байланышын көрсөткөн. Тагыраагы, ал ETLC компаниясынын директору катары катталган. Фирма менен байланыш деген жерде анын жеке электрондук почтасы көрсөтүлгөн.

Өзбекстанда жаңы бажы терминалдарын куруу планы боюна презентациянын биринчи слайды. Анда Бажы кызматынын, темир жол агенттигинин жана Абдукадыр үй-бүлөсүнүн AKA брендинин эн белгилери көрсөтүлгөн.

Мамлекеттик мекемелердин колдоосу менен бир нече бажы терминалын жана олжолуу “Абу-Сахий” базарына ээлик кылган, аткезчиликтин аркасы менен байлык топтогон делген үй-бүлө Өзбекстанга кара жол менен кирип-чыккан соода жолдорунун көбүн өз көзөмөлүнө алган.

Эми Орусия

Абдукадырлардын арышы ушуну менен токтоп калган жок.

Орусиянын соодасы Батыш өлкөлөрүнөн Кытай жана Борбор Азияга ооп жатканда Өзбекстан негизги ортомчу болуп калышы мүмкүн. Абдукадырдын үй-бүлөсү андай артыкчылыктан баш тартпашы мүмкүн.

Өзбекстандын транспорт министринин айтымында, өкмөт Абдукадырлар негизги оюнчу болгон “Агроэкспресс” долбоорун кеңейтип, Орусиянын Уралы менен Ыраакы Чыгышына чейин жүк ташууну пландап жатат.

Ал ортодо Абдукадырлардын UTI Transit компаниясы менен “Орус темир жолдорунун” биргелешкен ишканасы Москва менен Кытай, ошондой эле Кытай менен Ооганстан жана Пакистан ортосундагы жаңы каттамдар боюнча кардарларды тартууга ашыгууда.