Абдукадырдын үй-бүлөсү Борбор Азияда коррупциядан байлык топтоп, глобалдык бизнес империя курду

Коллаж: Жеймс О'Брайен / OCCRP

Алардын паракорлук жана ыктымал аткезчилик аркылуу түптөлгөн соода монополиясынын бети ачылган. Бирок ал көмүскөдө жүргөн Хабибулла Абдукадырдын жана анын туугандарын токтото алган эмес. Жаңы саясий өнөктөштөр жана баасы миллиарддаган долбоорлору менен алар мурда-кийин болбогондой күчтөнүп чыга келди.

Иликтөөнүн өзөгү:

  • 2019-жылы Абдукадыр үй-бүлөсү Борбор Азиядан тапкан кирешесин чыгарып кетүүгө жалдаган киши алардын бетин ачкан. Ал журналисттерге көптөгөн документтерди берип, аны жалдагандарды бараандуу аткезчилик империясын башкарат деп айыптаган.
  • Алар менен кызматташкан кыргыз бажысынын жетекчисинин мурдагы орун басары жазага тартылып, санкцияга илинсе, Абдукадыр жана анын жакындары эч кандай жоопкерчилик тарткан эмес сыяктуу.
  • Анын ордуна алар дүйнөнүн ар кайсы бурчунда компанияларды ачып, миллиондогон долларды адалдап, аны асман тиреген үйлөрдү, мейманканаларды, заводдорду, базарларды курууга жана башка долбоорлорго жумшап жатат.
  • Алар инвестицияны бир канча континентке салганы менен басымдуусу Борбор Азияда. Буга чейинки иштеринин бети ачылганына карабай чөлкөмдүн мамлекеттик жетекчилери аларды кучак жайып тосуп алды.
  • Тосуп алгандар арасында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бар.

Дубайда жээкке салынган 43-кабаттуу асман мелжиген имарат. Байыркы Самарканддын борборундагы санжыргалуу мейманкана. Лондондогу жети уктоочу бөлмөсү бар аксарай. Казакстандагы бүтүндөй шаарды жабдыган газ кууру.

“Озодлик” радиосу, OCCRP, “Клооп” жана “Власть” басылмасынын жаңы иликтөөсү бул миллиарддаган долларлык дүйнөнүн ар кайсы жериндеги активдер жана бизнестер бир гана үй-бүлөгө таандык экенин айгинелейт.

Саясий калкалоонун жана паралоонун аркасы менен байлыкка туйтунган Абдукадырлар көздөн далдаа жашаганды билет. Бул уйгур үй-бүлөнүн мүчөлөрү өз ысымдарын жана тек атын ар кандай вариантта колдонуп, бир нече өлкөнүн жарандыгын алган. Алардын компанияларынын көбүнүн сайты жок, көмүскө иштеп, негизинен тууган-туушкандарына же ортомчуларга жазылган.

Абдукадыр үй-бүлөсүнүн бизнесин башкарган төрт бир тууган: Алимужан Хадир, Наби Хадир, Маймаитили Хадир жана үй-бүлөнүн башчысы Хабибулла Абдукадыр
Сүрөт: OCCRP

Абдукадырлардын көмүскө жашоосунун олуттуу себеби бар. 2019-жылы “Азаттык” радиосу, OCCRP жана “Клооп” алар кантип байыганын, төрт бир туугандын улуусу Хабибулла Абдукадыр соода монополиясын иштетип, жемкорлукка баткан бажычылардын колдоосу менен Кыргызстанга, Өзбекстанга жана башка өлкөлөргө кытай товарын ташыганда эбегейсиз пайда көргөн.

Бажыдагы көз боёмочулуктун бети ачылганда Кыргызстандын жарандары нааразылыкка чыгып, Абдукадырларга саясий калканч болгон аткаминер акыры коррупциялык схема түзгөнүн мойнуна алган.

Абдукадырлардын негизги активдери

Сыягы Хабибула Абдукадыр жана анын үй-бүлөсү аткезчилик аркылуу байыган болушу мүмкүн жана азыр жалпы суммасы 2 миллиард доллардан ашкан активдерге жана бизнеске ээлик кылат. Алардын айрымдарын көрүңүз.

Чоңойтуп көрүү үчүн сүрөттү басыңыз.

Бирок үй-бүлө эч кандай жоопкерчилик тарткан эмес. Алардын кыязы адалданган акчаны алган Германиядагы, АКШдагы жана Түркиядагы жана башка өлкөлөрдөгү компанияларынын кылы кыйшайбады. Абдукадырлар анча акчаны эмнеге жумшаганы табышмак бойдон калган.

“Озодлик” радиосу, OCCRP, “Клооп” жана “Власттын” журналисттери соңку жылдары үй-бүлө көзөмөлдөгөн ишканалар мыйзамдуу жаңы бизнеске инвестиция салганын таап чыкты. Юридикалык жактардын реестрлары, кадастрдын документтери, мамлекеттик инвестициялар боюнча маалыматтар, ички корпоративдик документтер жана башка булактар көрсөткндөй, Абдукадырлар кеминде 2 миллиард долларды ар кайсы континенттеги долбоорлорго, баалуу активдерге (көп активдердин так саны белгисиз болгондуктан баалоодо алар эсепке алынган жок) салган.

Каражаттын басымдуусу Абдукадырларга жакшы тааныш Борбор Азия аймагына жумшалып, бул үй-бүлө бүтүндөй райондорду, бажы терминалдарын, алтургай ислам таануу борборун курганга жетишкен. Өзбекстанда алар барандуу “чет элдик инвестор” болуп калды. Жергиликтүү элита, улуттук лидерлер баш болуп Абдукадырларды ыктымал аткезчилик империясы жана акча адалдаштыруу схемасы акыркы үч жылда калың элге белгилүү болгонуна карабай кубанып кабыл алган.

Реформа жүргүзүү тууралуу көптөгөн убадаларды бергенине карабай, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев миллиондорду алып келген жаңы инвесторлорду кучагын жая тосуп алган. Өзбек өкмөтү алардын бир катар долбоорлоруна салык төлөөдө жеңилдик берген, мамлекеттик жерди алууда жана коомчулукка таанылуу ишинде колдоо көрсөткөн. Бирок мындай көмөктүн өз баасы бар. Журналисттер Мирзиёевдин жакындары бир катар долбоорлордо Абдукадырдын үй-бүлөсү менен бирге инвестор болуп калганын аныкташкан.

Жакында Хабибулла Абдукадыр Кыргызстанда кайрадан пайда болду. Бул өлкөнүн саясий системасы Абдукадырдын көмүскө ишмердигинин бети ачылгандан кийин олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Мартта ал президент Садыр Жапаров менен жаңы мечиттин жана чоң турак жай комплексинин пайдубалын түптөөгө арналган иш-чарага катышкан. Эки долбоор тең Абдукадырларга тиешелүү болуп чыккан.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров (ортодо) жана Хабибулла Абдукадыр (оңдо) Бишкектин сыртындагы мечиттин курулушун баштоо иш-чарасында
Сүрөт: President.kg

Абдукадырдын үй-бүлөсүн иликтеген Ольстер университетинин криминология боюнча профессору Кристиан Ласслетт алардын инвестициясы Өзбекстандын экономикалык жана саясий эркиндигине залакасын тийгизет деген пикирде.

“Мирзиёевдин өкмөтү чындыгында эл аралык аренада реформатор жана заманбап болуп көрүнөт”. - Бирок мындай инвестициялар… клептократиянын тамырына кан куят. Бул кадимки эркин базар экономикасы эмес, жөн гана саясий калкалоо”, - дейт Ласслетт.

“Адатта кимдир бирөө мындай капиталды саясий экономикага куйганда система бекемдеп, тамыры тереңдейт. Статус-квону сактап туруу үчүн жарандардын эч кандай суроо бербегени маанилүү”

Мыйзамсыз экономика боюнча эл аралык коалициянын аткаруучу директору жана мурдагы америкалык дипломат Дэвид М.Луна клептократия жана уюшкан кылмыштуулук бийлеген жерде коррупцияга каршы күрөш болушу зарыл деп белгилейт.

“Автократияларда кылмышкерлердин коррупциялашкан таасири башкаруучу элиталарды өз чөнтөгүн толтурууга жана арам акчаны адалдоого түртөт”.

Бул иликтөөлөрдө аталган адамдарга, уюмдарга жана өкмөттүк мекемелерге 50дөн ашуун комментарий сураган өтүнүчтөр жиберилди. Президент Мирзиёевдин администрациясы баш болуп көбү жооп берген жок. Абдукадыр үй-бүлөсү Хабибулла Абдукадыр колдонгон эмейл дарекке жиберилген суроолорду алганын ырастап, бирок жообун кийинчерек берерин билдирди.

Кыргыз президенти Жапаровдун басма сөз катчысы “Кыргызстан бардык инвесторлорго ачык. Биз өлкө экономикасынын ар кайсы тармактарына чындап инвестиция салууга ниеттенгендердин бардыгы менен иштешүүгө даярбыз”, - деген жооп узатты.

Мыйзамсыз байлыктын төркүнү

Хабибулла Абдукадыр түптөгөн делген аткезчилик компания тууралуу журналисттерге байланышка чыккан анын акча адалдоочу адисимин деген Айеркен Саймаити айтып берген. 2019-жылы кабарчыларга байланышка чыккан айлакер адис алардан көңүлүн калганын айткан.

Саймаити журналисттерге көптөгөн документтерди берип, Борбор Азиядан Абдукадыр үй-бүлөсүнүн жүз миллиондогон долларын ар кайсы өлкөлөрдөгү банк эсептерине кантип чыгарганын баяндаган.

Саймаити журналисттер менен акыркы ирет жолуккандан бир нече аптадан кийин Стамбулда киши колдуу болгон, ага ким буйрук бергени ушул убакка чейин табылган жок. Бирок ал Абдукадыр үй-бүлөсүнүн схемасынын бетин ачууга жетиштүү маалымат берүүгө үлгүргөн.

Хабибулла Абдукадырдын акчасын адалдар бергенин айткан Айеркен Саймаити

Абдукадырларга ошол маалдагы кыргыз бажысынын жетекчисинин таасирдүү орун басары Райымбек Матраимов менен өнөктөштүгү артыкчылык берген. Анын кол алдындагылар Абдукадырлардын жүк ташыган машинелерин текшерүү бекеттеринен тоскоолдуксуз өткөрүп, атаандаштарына болсо бөгөт коюп турган. Бул схема аркылуу үй-бүлө Кытайдын Борбор Азия өлкөлөрүнө товар ташыган маанилүү соода каналдарын монополиялаштырып, оңбогондой акча тапкан.

Кирешенин олуттуу бөлүгүн Ташкенттин айланма жолундагы “Абу-Сахий” базары берген. Дал ушул жерге Кыргызстан аркылуу аткезчилик менен ташылган товардын көпчүлүгү келип турган.

Андан кийин Өзбекстандан акчаны чет өлкөлөрдөгү эсептерге коопсуз жолдор менен чыгаруу милдети турган. Саймаитинин айтканына караганда, нак акчаны жүк ташуучу машиненин дөңгөлөктөрүнө катып, алдын ала сүйлөшүлгөн кербен чек арадан өтүп Кыргызстанга кирген. Андан кийин куралчан кишилер Саймаитиге акчаны жеткиргенин, ал болсо аны жергиликтүү банктардагы эсептерине салганын айткан. Мунун баары мыйзамдуу көрүнүшү үчүн ал жасалма документтерди даярдап, акчаны Кыргызстандагы менчик базарынан тапкан кирешеси катары көрсөткөн.

Андан кийин акчаны чет өлкөгө алып чыгуу керек эле. Бул үчүн кээде Саймаити акча табуунун айласын издегендерди пайдаланган, маселен, таксисттерди Стамбулга нак акча ташууга жалдаган.

Жалганга жамынып чыгарылган акча

Журналисттердин колуна тийген АКШнын Финансы министрлигинин документтеринде Саймаитинин акча которуулары бир нече жыл бою “шектүү” деп көрсөтүлгөн. Бирок ага карабай акча чыгаруу улана берген.

Каражаттын көп бөлүгү өлкөдөн ар кандай көз боёмочулук жолдор менен банк которуулар аркылуу чыгарылган.

Маселен, Баткендеги бир чакан базар Абдукадырдын Невададагы компаниясына 50 миллион доллар насыя берген жасалма келишим журналисттердин колуна тийген.

Бул өтө эле күмөндүү көрүнгөн. Базардын ээлеринин бири соода илең-салаң экенин, андагы айланган акча жылына 3 миллион долларга жетпей турганын айткан. Бирок акча которууларды болушунча мыйзамдуу көрсөтүү үчүн документтер зарыл болчу.

Жалпысынан Саймаити Кыргызстандан Абдукадырлардын кеминде 700 миллион доллар мыйзамсыз тапкан акчасын чыгарып кеткенин айткан.

Саймаити анын 350 миллион доллар жакын которгонун бышыктаган документтерди берген. Кыргыз бийлигинин кийинки иликтөөлөрү көрсөткөндөй, Саймаити жалпысынан 1 миллиард долларга жакын чыгарып кеткен.

Адалданган акчанын кайра айланышы

Саймаити киши колдуу болгондон кийин журналисттер колго тийген документтерди иликтеп отуруп, ал чыгарган акчага Абдукадырлар Дубайда жана АКШда үй-жай сатып алганын табышкан.

Бирок бул активдер Саймаити адалдап берген акчанын аз гана бөлүгү. Калган акча эмне болгон?

Бул суроого жооп табуу үчүн журналисттер бир жылдан ашуун иштешти.

Акчанын басымдуу бөлүгү Бириккен Араб Эмираттарында калган. Саймаити адалданган акчанын кеминде 95 миллион долларын алган Абдукадырлардын жергиликтүү холдинг компаниясы Дубайда асман тиреген эки турак жайдын курулушун баштаган. Компаниянын 24 кабат мейманкана салуу планы да бар.

Арийне узак жылдар бою ушунчалык тобокелдик менен чыгарылган акчанын көп бөлүгү кайдан чыкса кайра ошол жакка кайтып келгендей. 2019-жылы коомчулукка билингендей, Саймаитиден миллиондогон доллар алган Абдукадырлардын компаниялары Борбор Азияда гүлдөгөн бизнес түптөп, бир нече миллиондук долбоорлорго инвестор болгонун журналисттер таап чыкты.

Алардын арасында Palvan Insaat Turizm Lojistik Sanayi Ticaret (Түркия), AKA Petroleum (Германия) жана Urumqi Kailingda International Trade Co. (Кытай).

Көп компаниялардын финансылык отчеттору жашыруун болгондуктан Саймаитиден алынган акча эмнеге салынганын так айтуу мүмкүн эмес. Бирок Абдукадырлардын Германиядагы жана Британиядагы фирмаларынын жарыяланган отчетторунда алар аз-маз гана коммерциялык ишмердик жүргүзөрүн жана башка финансылык булактары жоктугун көрсөткөн.

Оңдой берди болуп журналисттердин колуна үй-бүлөнүн Германиядагы компанияларынын биринин банктык документтери тийди. Аларга караганда, Саймаити Борбор Азиядан чыгарып кеткен үй-бүлөнүн акчасы кайра артка кантип келип жатканын аңдаса болот.

Саймаити берген документтерге караганда, AKA Immobilien (кийинчерек AKA Group болуп аталган) компаниясына 17 миллион доллар жиберген. Бирок ал акчанын эмне болгону Абдукадырлардын өнөктөшү жана кыргыз бажысынын башчысынын мурдагы орун басары Матраимов “Азаттык” радиосун жана анын эки өнөктөшү OCCRP менен “Клоопту” сотко бергиче беймаалым бойдон калган.

Сотто (аягы оң чечилген) өзүн коргоого даярданып жатканда “Азаттык” АКШнын сотуна кайрылып, Саймаитинин акча которууларын бышыктаган банк документтерин сураган. Алардын арасында AKA Immobilien компаниясынын немис эсебине кирген жана чыккан акча которуулары тууралуу маалымат бар эле.

Ал документтер Саймаити бул эсепке миллиондогон долларды которгонун гана көрсөтпөстөн, акча түшөрү менен аны Абдукадырлардын Казакстандагы AIBI-I компаниясына чыгарылып турганын ырастаган.

Маселен:

  • 2014-жылы 27-майда Саймаити AKA Immobilien компаниясынын эсебине эки жолу: 500 001 жана 500 000 доллар жиберген. Үч күндөн кийин AKA Immobilien Казакстандагы AIBI-I-ге 1 миллион доллар которгон.
  • 2014-жылы 9-сентябрда Саймаити AKA Immobilien компаниясына дагы 500 миң доллар жөнөткөн. Ошол эле күнү AKA Immobilien 500 миң долларды AIBI-Iге айдаган.

AIBI-I жана Абдукадрлардын “AIBI” компаниялары үй-бүлөнүн Казакстандагы долбоорлору, анын ичинде Конаев шаарын камсыздаган газ куурун өткөрүү, кеминде эки заводду, бир нече турак жай комплекстерин, Ислам таануу жана жайылтуу борборун салуунун кыймылдаткычы болуп саналат. (Акча которууларда ортомчу банктын ролун аткарган Deutsche Bank журналисттерге жеке кардарлардын иштерин комментарийлей албасын билдирди. Бул банкта AKA Immobilien компаниясынын да эсеби болгон).

Абдукадыр үй-бүлөсүнүн Борбор Азиядагы инвестицияларынын көпчүлүк бөлүгү Өзбекстанга топтолуп, ал жерде турак жай комплекстерине, заводдорго, мейманканаларга, мечиттерге жана бажы терминалдарына салынган.

Маселен, Саймаитиден ондогон миллион доллар алган үй-бүлөнүн Германиядагы AKA Petroleum компаниясы Ташкенттеги “Абу-Сахий” базарына ээ болууда колдонулган. Дал ошол жерде үй-бүлө өз байлыгынын барандуу бөлүгүн тапкан. Базар бир нече жыл бою Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун күйөө баласына таандык болгон. 2017-жылы Каримов көз жуумп, бийлик алмашкандан бир жылдан кийин “Абу-Сахийди” Абдукадырлар сатып алган. Азыр бул ири базар үй-бүлөнүн чөлкөмдөгү соода тармагынын башкы түйүнү болуп калган.

Tашкенттеги “Абу-Сахий” базары
Сүрөт: OCCRP

“Чет элдик инвесторлор”

Абдукадырлардын акчасы ушунчалык деңгээлде легалдашкандыктан, эми Борбор Азияда үй-бүлөнүн көптөгөн долбоорлору маанилүү чет элдик инвестиция катары саналат.

Ташкенттин администрациясы жарыялаган видеодо Өзбекстандагы курулуш материалдарын, маселен, тунуке, сэндвич-панелдерди жана айнек кебез чыгарган заводдордун бири “алдыңкы технология жана жабдууну” колдонгон, “325 жумушчу ордун түзгөн чет элдик ишкана” деп жарнамаланат.

Абдукадырлардын инвестицияларынын кеминде 1,5 миллиард доллары (учурдагы жана пландалган) “түз чет элдик инвестициялар” деп сыпатталат. Кызыгы, иш жүзүндө бул акчанын Абдукадырлардын Түркиядагы, Германиядагы жана башка өлкөлөрдөгү компанияларынан келип жатканы анын түпкү төркүнү кайда экенин айгинелейт.

Хабибулла Абдукадыр (солдон экинчи) Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев (борбордо) менен “Ташкени-Ситинин” курулушунда жүргөнүн мамлекеттик телеканал көрсөткөн.

«Алар баарын ачык эле жасап жатат. Жөн эле таң каласың, — дейт криминология боюнча профессор Кристиан Ласслетт. — Бул алардын чет өлкөдөн келип жаткан сансыз арам акчасынын азганактай гана бөлүгү».

«[Өзбекстан] күмөндүү инвестиция салууга болушунча коопсуз жер сыяктанат. Менин иликтөөм көрсөткөндөй, эгер керектүү кишилерге берип, аларды үлүшкө кошсоң, эч ким эч нерсе сурабайт” — дейт ал. — Андан кийин текшерүүлөр тууралуу баш оорутпай эле койсоңуз болот».

Чынында эле президент Мирзиёевдин кеңсеси Ташкенттин чок ортосундагы Абдукадыр үй-бүлөсүнүн соода жана турак жай комплексин сүрөп келет.

Абдукадырлардын бул долбооруна, башкаларындай эле мамлекеттик жерди бөлүп беришкен. Алардын бир катар заводдору салыктан жана башка жеңилдиктерди берген атайын экономикалык аймактарда жайгашкан.

Алар башка дагы артыкчылыктарга ээ болуп, үй-бүлөнүн “Ташкент” эл аралык аэропортундагы бажы терминалына жана логистикалык борборуна өкмөт өзү өбөлгө түзүп бергендей.

Үй-бүлө ошондой эле президент Мирзиёев коңшу Казакстанга белек кылган - “түрк дүйнөсүнүн руханий борбору” Түркстандагы долбоордун артында турат.

Даңазасы катуу жаңы курулуш долбоору - шаардын чекесиндеги Ислам таануу борбору Казакстандын эгемендик күнүн утурлай башталган. 2019-жылы анын пайдубалын салуу салтанатына ошол кездеги премьер-министр Аскар Мамин катышкан.

Азыры курулушу жүрүп жаткан 5 миң киши баткан мечити бар Ислам таануу жана жайылтуу борбору 20 миң чарчы метр жерге салынат. Анын аймагында медресе, китепкана жана конгресс-холл курулат
Сүрөт: OCCRP

Долбоордун демилгечиси президент Мирзиёев экенине карабай, курулуштагы маалымат тактасы көрсөткөндөй аны жүзөгө ашырууга Абдукадырлар жооптуу. Алар чогуу ээлик кылган компания девелопер болсо, үй-бүлөнүн башка компаниясы курулушун жүргүзөт.

Баарынан дагы Хабибулла Абдукадырдын Кыргызстандын жетекчисине катарлаш турганы тагдырдын тамашасындай таасир калтырат.

Президент Садыр Жапаровдун азыркы ээлеген кызматына жетишине кайсы бир деңгээлде Абдукадырдын мыйзасыз иштеринин билингени түрткү болгон.

Абдукадырлардын ыктымал көмүскө империясынын бети биринчи жолу ачылганда, негизги ролду кыргыз бажысынын ошол маалдагы башчысынын орун басары Райымбек Матраимов ойногон. Өлкөдө ага нааразы болгон тургундар көчөгө чыккан. Болжол менен бир жылдан кийин бурмаланган парламенттик шайлоодо Матраимовду колдогон саясий партия бийликтин партиясынан саналуу добуш менен гана айырмаланып, экинчи орунда калган. Мындан кийин өтпөй калган башка партиялардын тарапташтары жана бийликке нааразы жарандар көчөгө агылып, митинг өткөн. Жаалданган элдин талабынан кийин шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылган. Көшөгө артындагы саясий оюндар парламенттин мурдагы депутаты, адам уурдоого айыпталып абакта отурган Жапаровго президенттикке келүүгө жол ачкан.

Жапаров бийликке келгенде Кыргызстандагы тамырлашкан коррупцияны жок кылууга убада кылган. Райымбек Матраимов Абдукадырлардын схемаларына аралашканын мойнуна алып, мамлекетке бир катар кыймылсыз мүлкүн өткөрүп берүүгө аргасыз болгон.

Тилекке каршы, Матраимовдун көмөгү менен ыктымал аткезчилик империяны түптөгөн Хабибулла Абдукадыр кадыр-барктуу чет элдик инвестор болуп чыга келген сыяктанат.

Өткөн айда ал президент Жапаров менен эки иш-чарага: Бишкектин сыртындагы мечиттин жана баш калаанын борборундагы турак жай комплексинин курулушун баштоо салтанатына катышты. Экөө тең Абдукадырлардын долбоорлору.

“[Абдукадырлардын] мурдагы президенттер менен кандай байланышы бардыгы мени такыр кызыктырбайт”, - деген Жапаров. - Эң башкысы алар издөөдө эмес жана аларга каршы кылмыш иштери жок… Мен ким Кыргызстанга акча салууга даяр болсо ошого кызыкдармын. Мен андайларды кол чаап тосуп алам”.