«Кыйноонун белгилери бар». Нарындын тургуну 7 жашар кызды өлтүрүүгө шектелип кармалды

Кылмышка шектүү. Сүрөт: Нарын ОИИБ

Нарын районундагы Орто-Нура айылынын 64 жаштагы тургуну жети жашар кызды өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу 29-апрелде «Клоопко» облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айыл тургуну 28-апрель күнү саат 21:00 чамасында кызы түштө сабакка кеткен бойдон үйүнө келбей жатканын айтып милицияга кайрылган.

Окуя райондук милициянын электрондук журналына катталган. Тергөөнүн жүрүшүндө кыз мектепке айылдын четинеги сарайдагы үйүнөн жөө барып-келип окуп жүргөнү аныкталган.

Тургундар кызды издеп, саат 22:10дор чамасында айылдагы ээн үйдүн ичинен секелектин сөөгүн табышкан. Анын денесинде кыйноонун белгилери бар экени байкалган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип Орто-Нура айылынын 64 жаштагы мас абалдагы тургуну кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, кыздын өлүмү боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды. Бул иш ИИМдин жана Нарын облустук милициясынын көзөмөлүндө болору белгиленди.