Бишкекте Ысык-Көл чабагынын инсталляциясы пайда болду. Ал жок болуу коркунучунда турат

Бишкектин Эркиндик бульварында Ысык-Көлдүн айтылуу майда чабагынын (чебачки — ред.) арт-инсталляциясы пайда болду. Ал DOXA арт-тобу тарабынан жасалганы айтылууда.

Ысык-Көл чабагынын арт-инсталляциясы. Сүрөт: Айдай Иргебаева.

Инсталляция көл чабагынын тукум курут маселесине арналган, себеби балыктардын бул түрү жок болуп кетүү коркунучунда турат.

Бир кездерде ал Ысык-Көлдөгү балыктардын эң көп кездешкен түрлөрүнүн бири болгон — 1960-жылдары ал кайырмакка түшкөн жалпы балыктын 90 пайызын түзчү. Анын популяциясы голландиялык Жан Клеркс жана кыргызстандык Бейшен Иманакунов 2002-жылы жазган «Ысык-Көл жана анын чөйрөсү» китебине ылайык, 1980 жана 1990-жылдары байкаларлык кыскара баштаган.

«1960-жылдары чабак, көлдүн балыгынын 90% түзүп, жылына 1000-1350 тонна Ысык-Көлдүн чабагы алынса, анын саны 1990-жылдары 35 эсеге азая баштаган, бул Ысык-Көлдүн башкы экономикалык балыгынын популяциясы канчалык жабыркаганын көрсөтүп турат», — деп айтылган китепте.