«Кайдыгер болбогулачы». Жапаров кыргызстандыктарды Ысык-Көлдө тазалыкты сактоого чакырды

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Ысык-Көлдү булгабай таза кармоого, ага кайдыгер мамиле жасабоого чакырды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы барагында жазды.

Президент Ысык-Көлдү бөтөлкө, желим баштык жана башка таштандыдан тазалап жаткан ӨКМдин кызматкерлеринин видеосуна элге кайрылуу менен ушундай комментарий берди.

«Мынчалык кайдыгер болбогулачы. Эки айдан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тазалап бүтө албай жатышат. Таза болуу өзүбүздөн го акыры. Неге мынча кайдыгербиз?

Өзүбүз булгайбыз дагы анан бийликтен тазалыкты балакеттей талап кылабыз. Тазалыкты сактоону суранам. Тазалаган жер таза эмес, тазалыкты сактаган жер таза» — деп үндөдү президент.

Жапаров ар бир жаран тазалыкты сактоого жана аны башкалардан дагы талап кылууга милдеттүү экенин кошумчалады.

Кыргызстанда айлана-чөйрөнү булгабай кармоо маселеси актуалдуу. Ар башка эсептерге ылайык, мисалга, Бишкекте күн сайын 870тен 1000 тоннага жакын таштанды чогултулат.