Путин Жапаровдун Кыргызстанга келүү чакыруусун кабыл алды. Аны камакка алуу боюнча Эл аралык соттун ордери бар

Президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путинди 2023-жылы Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды. Бул тууралуу президенттер 8-майда кабыл алган биргелешкен билдирүүдө айтылат.

Билдирүүдө Путин «сунушту ыраазычылык менен кабыл алганы» жазылат.

Президент Жапаров 7-майда чоң делегациянын коштоосунда Орусияга учуп кеткен. Ал Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери менен бирге 9-майда Москвада өтүп жаткан парадга катышат.

Украинадагы согуш жана Путинди камакка алуу ордери

Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин иш сапары 2022-жылдын февралында Орусиянын Украинага кол салуусу менен башталган согуш жүрүп жаткан шартта болууда.

Буга чейин Гаагадагы Эл аралык жазык соту Орусиянын президенти Владимир Путинди жана Орусиянын балдар укуктары боюнча өкүлү Мария Львова-Белованы камакка алуу боюнча ордер чыгарган.

Ага Украинанын басылып алынган аймактарындагы жаш балдардын Орусияга мыйзамсыз, мажбурлап алып чыгарылганы негиз болгон.

«Эми дүйнө лидерлери анын [Путиндин] колун кысып же аны менен сүйлөшүүгө отурардан мурда үч ирет ойлонушат. Дүйнө орус режими кылмышкер, анын жетекчилиги жана өнөктөштөрү жоопко тартылат деген белги алды», — деген Украинанын башкы прокурору Андрей Костин ордер чыккандан кийин.

Май айынын башында ЖМКлар Түштүк Африка Республикасынын бийлиги Путинди август айында Түштүк Африкада өтө турган БРИКС саммитине катышуудан баш тартууга чакырганын жазган. Эл аралык кылмыш сотунун юрисдикциясын тааныган Түштүк Африка Путин өлкөгө барса аны камакка алууга аргасыз болору кабарланган.

Кыргызстан Эл аралык жазык сотунун Рим статутуна 1998-жылдын 8-декабрында кол койгон, бирок ратификациядан өткөргөн эмес. Бул Путин Кыргызстанга келсе, ал камакка алынбайт дегенди билдирет.

Юристтер менен укук коргоочулар Рим статутун ратификациялоо керектигин 2022-жылы айтып чыгышкан. Алардын айтымында, документ Кыргызстанда тышкы коркунучтардан жана башка кылмыштардан коргонуунун жаңы механизмдерин ишке киргизүү үчүн зарыл.