Москвадагы парадга бардык Борбордук Азия өлкөлөрүнүн президенттери катышат

9-майда Москвада өтө турган парадга Путиндин чакыруусу менен бардык Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Беларусь менен Армениянын лидерлери катышат. Буга чейин Садыр Жапаров аталган иш-чарага катыша турган башка мамлекеттин жалгыз өкүлү болору айтылган.

Москвага алгачкылардан болуп Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 7-майда жөнөгөн, анын артынан парадга катыша турганын Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев да билдирген.

Тажикстандын өлкө башчысы Эмомали Рахмон да Орусияга келери тууралуу орус ЖМКсы бир нече күн мурун жазган. Бирок Тажикстандын президенттик администрациясы Рахмондун парадга катышарын 8-майда гана жарыялады.

Мындан тышкары салтанатка Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын лидери Сердар Бердымухаммедов, Армениянын президенти Никол Пашинян жана Беларустун башчысы Александр Лукашенко да катышары күтүлүп жатат.

Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин иш сапары 2022-жылдын февралында Орусиянын кол салуусу менен ошол өлкөнүн аймагында башталган Украинадагы согуш жүрүп жаткан шартта болууда. Борбор Азия өлкөлөрү Украинадагы согуш маселеси боюнча БУУнун резолюциясына добуш берүүдөн карманып келишет.

Эмомали Рахмон менен Садыр Жапаровдун Москвада өтө турган парадга катышуусу 2022-жылдын сентябрында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда болгон чек ара жаңжалынан бери эки өлкө башчы такыр байланышпаганы менен да маанилүү. Эки өлкө тең агрессияга бири-бирин айыптаган, ал эми Москва өлкөлөр ЖККУнун курамына киргени менен эки өлкөнүн ортосунда калыс боло алган эмес.

*Улуу Ата-Мекендик согуш — бул термин менен советтик жана орусиялык тарых булактарында жана айрым постсоветтик республикаларда Экинчи Дүйнөлүк согуштун 1941-жылдын 22-июнунан 1945-жылдын 9-майына чейинки аралыгы аталат. Санак нацисттик Германиянын аскерлери Польшага кол салуудагы өнөктөшү СССРге кол салган күндөн башталат.

Экинчи Дүйнөлүк согуш 1939-жылы 1-сентябрда немис аскерлеринин Польшага кол салуусу менен башталган. Сентябрдын ортосунда СССР, Германиянын өнөктөшү болуп турган учурунда Польшанын аймагына бастырып кирген. Бир айдын ичинде Польшанын аймагы Германия менен СССРдин ортосунда экиге бөлүнгөн. Польшага кол салууга жооп кылып Франция менен Улуу Британия Германияга согуш ачкан. Бул алты жылга созулган, адамзаттын тарыхындагы эң көп кан төгүлгөн согуштун башталышына жол ачкан.

1945-жылы Борбордук Европа убактысы менен 8-май күнү кечинде (Москва убактысы боюнча 9-майда) Германиянын куралдуу күчтөрүнүн капитуляциясы тууралуу актыга кол коюлган. Бул акт немис аскерлерин ок атууларды токтотуп, куралдарын таштоого милдеттендирген. Орусияда жана айрым постсоветтик өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда 9-май Жеңиш күнү катары белгиленип келет.
Экинчи дүйнөлүк согуш 1945-жылдын 2-сентябрында аяктаган.