Кыргызстан менен Орусия аскердик кызматташтыгын тереңдетет

Кыргызстан менен Орусия «аскердик жана аскердик-техникалык», анын ичинде Кыргызстандын аймагындагы биргелешкен Орусиянын аскер базасынын алкагындагы «кызматташтыкты тереңдетүү» иши улантыларын билдиришти. Бул тууралуу эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүүдө айтылат.

«Кыргызстандын суверенитетин коргоо жана коопсуздугун камсыздоо, анын ичинде эл аралык террористтик уюмдардын мүмкүндүү куралдуу кол салуу актыларына каршы туруу керектигин белгилөө менен мамлекет башчылар Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн бекемдөө жана анын аймагындагы орусиялык аскердик объектилерди өнүктүрүүнүн маанилүлүгүнө көңүл бурушат», — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстанда Орусиянын аскердик базага бириктирилген бир нече аскердик объектиси бар. Алардын эң эле белгилүүсү — Чүй облусунун Кант шаарында жайгашкан авиациялык базасы. «Азаттык» 2022-жылдын сентябрында жеке булактарына таянып, бул базаны Орусия өткөн жылдын февралында Украинада ачкан согушуна аскерлерди жөнөтүү үчүн колдонгонун жазган.

Басылманын маалыматына ылайык, согушка Кант авиабазасында кызмат өтөп жүргөн Тыва Республикасынын (Орусиянын курамына кирет) ондогон аскери согушка жөнөтүлгөн. Жергиликтүү тургундар Тывадан аскерге кызмат өтөөгө чакырылгандардын саны 300-500гө жетиши мүмкүн деп боолголошкон.

Канттагы авиабазадан тышкары, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Орусиянын кайыктарга каршы куралдарын сыноочу базасы, Чүй облусунун Чалдыбар айылында байланыш түйүнү, ал эми Жалал-Абаддын Майлуу-Суусунда сейсмикалык кызматтын лабораториясы бар.

Үстүбүздөгү жылдын апрелинде Орусия күтүлбөгөн жерден эле өзүнүн Кыргызстан жана Тажикстандагы аскердик базаларынын күжүрмөн даярдыгын жогорулатуну чечкен. Анда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу бул чечимди «АКШ жана анын өнөктөштөрү терроризмге каршы күрөштө жардамды шылтоо кылып, Борбор Азияда аскердик таасирин калыбына келтирүүгө аракет кылып жатат» деп жүйөө кылган. Шойгунун пикиринде, бул «Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) аймагындагы туруктуулукка таасир этип коюшу мүмкүн эле».

ШКУга Кыргызстан да, Тажикстан дагы мүчө — Борбор Азиядагы бул эки мамлекеттин отосундагы дипломатиялык мамилери 2022-жылдын сентябрында чек арага жакын аймактарда ири масштабдуу аскердик кагылыш болгондуктан бир топ салкындап кеткен.

Дагы окуңуз: Жапаров Орусия менен экономикалык кызматташтыкты бекемдөө маанилүү экенин билдирди