Шойгу: Орусия Кыргызстан жана Тажикстандагы аскердик базалардын күжүрмөн даярдыгын жогорулатат

Орусия Кыргызстан менен Тажикстандагы аскердик базалардын күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгуга таянып жазды.

Маалыматка ылайык, Шойгу бул кадамдарды АКШ жана анын өнөктөштөрү Борбор Азияда аскердик таасирин калыбына келтирүүгө аракет кылып жатканы менен түшүндүрдү.

«АКШ жана анын өнөктөштөрү террорчулукка каршы күрөшкө жардам берүүгө жамынып алып Борбор Азиядагы аскердик таасирин калыбына келтирүүгө аракет жасап жатат. Алардын аймактагы өлкөлөргө аскердик инфраструктураны жайгаштыруу тууралуу өтүнүчтөрүн ШКУ аймагындагы туруктуулукка түздөн-түз коркунуч катары баалайбыз. Биз өзүбүз тараптан Кыргызстандагы жана Тажикстандагы аскердик базалардын күжүрмөн даярдыгын жогорулатыбыз», — деди Шойгу.

Бул тууралуу кыргыз бийлиги азырынча расмий маалымат бере элек.

Кыргызстанда Орусиянын бир нече аскердик базасы бар, алар 2000-жылдардан баштап ачыла баштаган. «Кант» авиабазасында чабуул үчүн колдонулган учактар жана тик учактар бар. Каракол шаарындагы базада орусиялык моряктар суу астындагы торпедаларды сынашат.

Мындан тышкары Чалдыбар кыштагындагы байланыш түйүнү, Майлуу-Суу шаарындагы автономдуу сейсмикалык пункт да кирет. Мурда бул объекттердин ар бири өзүнчө каралып келген, бирок 2012-жылы макулдашууга кол коюлуп, Кыргызстан менен Орусия аларды бирдиктүү орус базасына бириктирүүнү макулдашкан.

Ал эми Тажикстанда Орусиянын 201-аскердик базасы бар, гарнизон Душанбе жана Бохтар шаарларында жайгашкан. Бул Орусиянын аймагынан тышкары жайгашкан эң ири аскердик объект. Базада мотоаткычтар, чалгындоочу, зениттик-ракеталык бөлүктөр жана авиациялык топ бар. Буга чейин базада 6-7 миңге жакын адам бар экени айтылган.

2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага кол салып, азыркыга чейин басып алууга аракет кылууда.

Буга чейин айрым басылмалар Орусия Украинадагы согушка Кыргызстан жана Тажикстандагы базаларды колдонгонун жазып чыгышкан. Өткөн жылдын апрелинде украин армиясы Тажикстандагы 201-аскердик базанын тактикалык тобун жок кылганын билдирген. Сентябрда «Азаттык» Орусия «Кант» авиабазасын Украинага аскер жиберүү үчүн колдонгонун жазган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Азаттык: Орусия «Кант» авиабазасын Украинага аскер жиберүү үчүн колдонгон