Жапаров Орусия менен экономикалык кызматташтыкты бекемдөө маанилүү экенин билдирди

Президент Садыр Жапаров Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Федералдык Жыйынынын Төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди

Алар 7-майда Ржев шаарында Жапаровдун Орусияга жасаган расмий сапарынын алкагында жолугушушту. Жапаров менен Володин пикир алмашып, Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнүн ролу жөнүндө сүйлөшүштү.

Володин Орусия Кыргызстан менен бардык чөйрөнү камтыган ар тараптуу мамилелерди баалай турганын айтып, эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди мындан ары да чыңдоо маанилүү экенин белгиледи.

Ошондой эле ал эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташуусунда оң динамика бар экенин белгиледи.

«Бүгүнкү күндө эки өлкөнүн парламенттери парламенттер аралык диалогдун бардык аянтчаларында натыйжалуу кызматташып жатат. Садыр Жапаров эки өлкөнүн парламенттер аралык кызматташтыгынын потенциалы чоң экенин белгилеп, бул багыттагы иштер мындан ары да уланат деген ишенимде», — деп айтылат президенттин администрациясынын маалыматында.

Жапаров Кыргызстан Орусия менен соода-экономикалык мамилелерди чыңдоого жана өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи. Президент эки өлкөнүн евразиялык интеграциянын алкагында жигердүү кызматташуусу өнүгүп жатканын белгиледи.

«Үстүбүздөгү жылы Россиянын ЕАЭБ органдарындагы төрагалыгынын алкагында Кыргызстан орус тараптын демилгелерин ар тараптуу колдоого даяр. Тараптар саясий, соода-инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүгө көмөктөшүүнү макулдашты», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Садыр Жапаров 9-майда Москвада өтүүчү парадга катышууга барган башка мамлекеттин жалгыз өкүлү.

Жапаровдон тышкары Орусиянын башчысы Москвадагы парадга Тажикстандын президенти Эмомали Рахмону дагы чакырган. Бирок орус басылмалары Рахмондун басма сөз кызматына таянып, тажик президенти азырынча Москвага келүү чечимин кабыл ала электигин билдиришкен. 

Кыргызстандын президенти Москвага Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу барды. Путинге карата мурдараак Эл аралык жазык соту аскердик кылмыштары үчүн камакка алуу ордерин чыгарган

Володин Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы парламенттер аралык мамилени өнүктүрүү керектиги жөнүндө буга чейин да айткан. 25-апрелде ал Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев менен жолугушууда «Батыштан каржыланган» чет элдик коммерциялык эмес уюмдарга каршы мыйзамдарды кабыл алуудагы Орусиянын тажрыйбасы Кыргызстан үчүн пайдалуу болушу мүмкүн деп айткан

Кыргызстан орус армиясы 2022-жылы февралда Украинага кол салып, Путинди камакка алууга ордер чыгарылганына карабастан Орусия менен мурдагыдай эле тыгыз кызматташканды улантып, дайыма достук мамилени бекемдөө зарылдыгын айтып келет.

ЖККУ жана ЕАЭБге мүчө Кыргызстан, британиялык The Economist журналынын маалыматына ылайык, «Орусиянын достору» рейтингинде үчүнчү катарга чыккан.

Эксперттер Кыргызстан Орусияга батыш санкцияларын кыйгап өтүүгө жардам берип жатат деп болжошууда. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын маалыматына ылайык, соңку жылы Орусияга жасалган реэкспорттон Кыргызстан 36 млрд сом пайда көргөн.

Кыргызстандын реэкспортуна Евробиримдик да көңүл бурган. Марттын соңунда Бишкекке Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлү О’Салливан келген.

Басма сөз жыйынында ал өлкөлөрдү Орусия санкциялардан буйтап өтүүсүнө плтаформа болбоого чакырган. Ал ЕБ Кыргызстандын бийлиги менен өлкөдө чындап эле Орусияга каршы санкциялардан буйтап өтүү бар же жок экенин аныктап, талкуулап жана ага каршы кандай чара көрүлөрү мүмкүн экенин кошумчалаган.

Тема боюнча: Кыйышпастыктын парады. Эмне үчүн 9-майда Путиндин жалгыз коногу Жапаров болот?