Акыркы коңгуроону мектептен сыртта белгилөөгө жана акча чогултууга тыюу салынды

Акыркы коңгуроо салтанатын мектептен сыртта белгилөөгө жана ага акча чогултууга тыюу салынды. Бул тууралуу 10-майда Билим берүү министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, мындай буйрук салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү убагында бүтүрүүчүлөрдүн өмүрүнүн коопсуздугун сактоо максатында чыккан.

Буйрукка ылайык, акыркы коңгуроо салтанаты 25-майда саат 9:00дө өтөт.

«Республиканын менчигинин түрүнө карабастан жалпы билим берүү уюмдарынын директорлоруна салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө мыйзамсыз түрдө акча жана башка чогултууларды жыйноого, ошондой эле бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелеринин катышуусунда “Акыркы коңгуроо” салтанатынан сырткары иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат», — деп жазылат билдирүүдө.

Акыркы коңгуроону өткөрүүдөгү коопсуздук чараларын камсыз кылуу жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөрү айтылды.