Бир кадр менен: Рита Карасартова ТИЗОдогу сейилдөөчү жайы кандай экенин сүрөткө түшүрдү

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынган укук коргоочу Рита Карасартова өзү отурган Бишкектин ТИЗО-1деги сейилдөөчү жайы кандай экенин сүрөткө тартты.

Рита Карасартованын сүрөтү. Сүрөт: Касиет Мамырбай

Сүрөттү Карасартованын кызы Касиет Мамырбай өзүнүн Фейсбук барагында жарыялады.

«Узак майрамдардан кийин ТИЗОдон каттарды алдым. (Ушунча көп майрам коюуну маскарапоздук деп эсептейм). Апам көп окуп, көп сүрөт тартып жатат. Кээде окуганын сүрөткө тартат. Кээде көргөнүн [сүрөткө тартат]. Сүрөттө анын азыркы учурдагы эркиндиги. Бул “сейилдөө” делген жердин көрүнүшү. (Мени аны чатыры жок бөлмө деп коём). Күнүнө бир саат гана “сейилдөөгө” болот», — деп жазды Мамырбай.

Карасартова 2022-жылдын октябрына чейин камакта. Ал убакта аны менен кошо 30 чакты активист, саясатчы жана укук коргоочу Кемпир-Абад иши боюнча кармалган. 2-майда Бишкек шаардык соту анын абак мөөнөтүн 20-июнга чейин узарткан.