Өлүм жазасын киргизүүнү сунуштаган депутаттар Конституциялык сотко кайрылышты

Жогорку Кеңештин «Элдик» депутаттык тобу өлкөдө жашы жете электерди зордуктагандарга өлүм жазасын киргизүүнү сунуштаган «Кыргызстандын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзамдын долбооруна корутунду берүүнү суранып Конституциялык сотко кайрылды.

Конституциялык соттон өлкөнүн Баш мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзамдын долбоорун парламенттин 61 депутаты иштеп чыкканын билдиришти.

Депутаттардын сунушуна минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов үн катканга үлгүрдү. Ал өзүнүн Твиттер барагына өлүм жазасынын жокко чыгарылышы — бир нече ирет элдик добуш менен тастыкталган негизги конституциялык норма экенин жазды.

«Бул убактылуу мораторий эмес, бул акыл калчоо менен кабыл алынган тандоо! Министрлер кабинети Конституцияны мындай импульсивдүү демилгелерден активдүү коргойт», — деп билдирди Байсалов.

Парламент депутаттары Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүүнү сунуштап жатышканын буга чейин депутат Дастан Бекешев билдирген. Анын маалыматы боюнча, документти «Элдик» депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев демилгелеген.

Өлүм жазасын киргизүү жөнүндөгү мыйзамдын долбоору коомдук талкууга 2022-жылдын октябрында коюлган. Мыйзам долбоордун маалымкат-негиздемесинде документ балдардын өмүрүн жана ден соолугун кылмыштуу кол салуудан коргоону камсыздоо үчүн иштелип чыкканы айтылат.
Парламентте буга чейин дагы балдарды зордуктаган жана өлтүргөн окуялардан кийин депутаттар кылмышкерлерге жазаны күчөтүп, Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүүнү демилгелеп келишкен.

Бирок юристтер Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүүдөн мурда, биринчи кезекте, иштеп жаткан мыйзамдарды, тактап айтканда, жоопкерчилик чараларын колдонуу системасын тартипке келтирүү керек деп эсептешет.

Ошондой эле депутат Жанар Акаев Кыргызстандын сот системасы адилетсиз экенин, ошондуктан бул демилге «жүздөгөн кишинин өлүмүнө себеп болуп калышы мүмкүндүгүн» эске салган.

Мындан тышкары, Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун Борбордук Азиядагы аймактык программалык менеджери Бегайым Замирбектин айтымында, жаш балдар көбүнчө үй-бүлөнүн жакындары жана туугандары тарабынан зордуктоого кабылат.

Анын айтымында, балдар ансыз деле кылмыш болгонун ачык айтышпайт, ал эми мунун натыйжасында киши өлтүрүлүшү мүмкүн экени айтылса жаап-жашыруу мындан да күч алат.

Кыргызстанда өлүм жазасы жокко чыгарылган. 1998-жылы ошол учурдагы президент Аскар Акаев өлкөдө өлүм жазасына мораторий киргизген. Ал мораторий 2007-жылга чейин улам жылдырылып келген.

Ал эми 2007-жылы 21-октябрда кабыл алынган жаңы Конституцияда өлүм жазасы таптакыр жокко чыгарылган.

Тема боюнча:

Балдарга карата сексуалдык кылмыштар үчүн өлүм жазасын киргизүү идеясынын эмнеси туура эмес?