Кочкор-Ата шаарында 42 окуучу белгисиз затка ууланып, ооруканага түштү

Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарындагы №15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектебинин 42 окуучусу белгисиз затка ууланды. Маалыматты 13-майда «Клоопко» Саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча координатору Каарманбек Байдавлетов ырастады.

Маалыматка ылайык, 11-майда мектепте окуучуларга жыйын өтүп жатканда белгисиз зат жыттанган. Андан соң 6-7-8-класстын окуучулары өздөрүн жаман сезип, тез жардам менен ооруканага жеткирилген.

«Жалпы ооруканага 42 бала жеткирилген. Оор абалда түшкөндөр болгон эмес. 13-майга карата 23 бала ооруканада калды. Калгандары үйлөрүнө чыгарылды», — деди Байдавлетов.

Ноокен райондук милициясынан бул боюнча «Уулануу» беренеси менен иш козголгонун, азырынча эмнеден ууланганы белгисиз экенин айтышты.

Буга чейин, 14-апрелде Ош шаарындагы №8 мектеп-гимназиясынын 6-классынын үч окуучусу атырга ууланып ооруканага түшкөн. Мектептин директору Зулфия Кадырова окуучулар «өздөрү колдонгон атырды сээп ойноп жатканда ууланып калган болушу мүмкүн» деп билдирген.

Окуучулардын бири жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, ал эми экөө дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп үйүнө кайткан. Ууланууга байлыныштуу экспертиза дайындалып, тергөө жүргүзүлүп жатканы кабарланган.

Ага чейин, 29-мартта ушундай эле учур Ош облусунун Кара-Суу районундагы №101 Кумар Момбекова орто мектебинде да катталган. Анда 6-класстын 18 окуучусу атырдын жытына ууланып, ооруканага түшкөн.