Ош: Окуучулардын атырга ууланышына байланыштуу экспертиза дайындалды

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаарында окуучулар атырга ууланганына байланыштуу экспертиза дайындалып, тергөө амалдары башталды. Бул тууралуу 18-апрелде парламенттин жыйынында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.

«Базардан сатып алган экен. Азыр алар бизге, Кыргызстанга, кайсыл мамлекеттерден, кандай болуп келип түшкөн, курамында кандай уулуу заттар бардыгын тактоо боюнча тергөө амалдары уланып жатат», — деп билдирди Абдиев.

Ал тергөөнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилерин убадалады.

14-апрелде Ош шаарындагы №8 мектеп-гимназиясынын 6-классынын үч окуучусу атырга ууланып ооруканага түшкөн. Мектептин директору Зулфия Кадырова окуучулар «өздөрү колдонгон атырды сээп ойноп жатканда ууланып калган болушу мүмкүн» деп билдирген.

Окуучулардын бири жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, ал эми экөө дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп үйүнө кайткан.

Ушундай эле окуя 29-мартта Ош облусунун Кара-Суу районундагы №101 Кумар Момбекова орто мектепбинде дагы катталган. Анда 6-класстын 18 окуучусу атырдын жытына ууланып, ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган.

Уулануунун себебин аныктоо үчүн керектүү анализдер дайындалган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кара-Сууда 18 мектеп окуучусу атырдын жытына ууланып ооруканага жаткырылды