Кара-Сууда 18 мектеп окуучусу атырдын жытына ууланып ооруканага жаткырылды

Ош облусунун Кара-Суу районунундагы №101 Кумар Момбекова атындагы орто мектептин 6-классынын 18 окуучусу атырдын жытына ууланышты. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Аталган мектептин директору окуучулардын бири атырды класстын ичине сээп ойногонун, андан бир окуучу кыздын башы ооруп баштаганын, кийин баарын дарыгердин көзөмөлүнөн өткөрүүгө Ош облустук балдар ооруканасына жеткирилгенин билдирди.

Маалыматка ылайык, класста 43 окуучу болгон. Экспертизанын жыйынтыгында ден соолугунун абалы нормалдуу экени аныкталгандан кийин көбү үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Ал эми 18 окуучу дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган.

Ооруканага жаткырылган 18 баланын абалы канааттандырарлык, алардын 13ү бүгүн үйүнө чыгарылат. Беш мектеп окуучусу дагы эки күн дарыгерлердин көзөмөлүндө болот.

Учурда уулануунун себебин аныктоо үчүн керектүү анализдер дайындалды.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кара-Сууда алты окуучу ууланып, ооруканага түштү