Президент: Мамлекет үчүн иштеген адам болсо, башка планетадан келсе да кызмат берем

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда кадр тартыштыгы бар экенин, керек болсо башка планетадан келген киши болсо да кызмат берерин айтты. Бул тууралуу ал Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлер менен жолугушууда билдирди.

Жыйында Жапаров мурунку президенттерден айырмаланып, камактагыларга 28-майда өтө турган мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга уруксат бергенин белгиледи.

Кемпир-Абад окуясы боюнча камалган Равшан Жээнбеков менен Илгиз Шаменов аталган шайлоого катышат. Азыр экөө тең СИЗО-1де.

Президент өзү камакта отурганда БШКнын жетекчиси Нуржан Шайлдабекова аны шайлоого катыштырбай койгонун эскерди.

«Түрмөдөн чыгып президент болдум. Дагы алып келип отургузуп койдум [Шайлдабекованы], ишин жакшы кылат. Мен эмне үчүн буга душман болушум керек? Мен деле көкүрөгүмө сактап, душман болсом болмок. Бирок мен андай кылбайм. Мамлекеттин ишин алдыга жылдыра турган кадр болсо, башка планетадан келген болсо да, душман болсо да кызмат берем», — деди өлкө башчысы

Жапаров өлкөдө кадр тартыштыгы бар экенин айтып, кээ бир убактарда министрликке киши таппай каларын кошумчалады.