Бир кадр менен: Бишкекте «Манас» эпосун жайылтууга арналган иш-чара өттү

Бишкектин Ленин районунда «Урааным Манас» республикалык кароо-сынагы өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы Фейсбук барагында билдирди

Сынакка Ленин районунун жалпы билим берүү уюмдарынан 2500 окуучу катышты.

«Иш-чаранын максаты – улуттук баалуулуктарды сактоо, патриоттукка тарбиялоо, “Манас” эпосун жайылтуу жана президент Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адептик өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу», – деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Иш-чара Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси менен өттү. Ага жергиликтүү аткаминерлер дагы катышты. 

«Манас» — кыргыздардын эң ири эпосу. Ал ЮНЕСКОнун адамзатынын маданий мурастар тизмесине жана «дүйнөдө эң ири эпос» катары Гиннес китебине кирген.