Эдил Байсалов: Курманбек Бакиевдин сотто өз кызыкчылыгын коргогонго укугу бар

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Твиттер барагында тактан кулатылган президент Курманбек Бакиевдин акыркы чыккан маеги жөнүндө оюн айтып, депуттардын президенттин администрациясына карата сынына жооп берди

Байсалов эмнеге президенттик администрацияга суроо коюлуп жатканын, бул жерде президенттик администрациянын кандай тиешеси бар экенин түшүнбөй жатканын жазды. 

«Биздин өлкөдө сөз эркиндиги бар. Журналисттин кимден интервью алгысы келсе ошондон интервью алганга укугу бар, анын үстүнө, көрүүлөрүнө караганда — маселеге кызыгуу жогору, темага суроо-талап бар», — деп жазды ал.

Маанилүү маалымат: Эгер Кыргызстанда сөз эркиндиги болуп, Байсалов айткандай журналисттер кимден кааласа ошондон интервью ала алса, анда «Азаттыктын» сайты бөгөттөлмөк эмес да. 
Дал ошол «Азыркы учур. Азиянын» видеосюжетинде журналист чек арада болгон жаңжал тууралуу тажик тараптан интервью алганы үчүн бийлик «Азаттыкты» сотко берген.
Байсалов Бакиевдин «өз таламын талашып, өз кызыкчылыктарынын корголушуна укугу бар» деп дагы кошумчалады.

«Ал кылмыш иштери боюнча сотто болобу же коомдук пикирдин жана өзүнүн өлкөнү башкаруусуна баа берүү сотунда болобу. Үчүнчүдөн, азыркы жетекчиликтин позициясы элибизди консолидациялоо жана улуттук макулдулукка жеттүүдөн турат. экс-президенттердин баары, алар кандай гана болбосун, биздин тарыхыбыздын бир бөлүгү. Жогорку Кеңештин депутаттары бүлүк салуунун жолун издебей ушул саясатты колдоп коюшса болмок», — дейт минкабдын төрагасынын орун басары. 

Тактан кулатылган президент Бакиевдин интервьюсу 15-майда чыккан. Аны менен УТРКнын алып баруучусу Кадыр Кошалиев маектешкен. Анда Бакиев анын катышуусу менен онлайн форматта сот процессин өткөрүүнү сунуштаган.

Бакиев адилеттүүлүк үчүн иштин материалдары менен таанышып чыга турган адвокат жалдай турганын билдирген. Анын айтымында, ага карата козголгон кылмыш иштерин иликтөөдө каталар кетирилген.

Бул интервьюга парламент трибунасынан дагы көңүл бурушкан. Депутат Элвира Сурабалдиева УТРК Кошалиевди бул интервьюдан кийин жумуштан кетириши керек деп билдирген.

Эл өкүлү «Бакиев өзүн актап, менден башкасынын баары жаман, мен эле тазамын, мен ыйыкмын десе, ошончолук өзүн тазамын десе ушунча жылдан бери коркпой келбейби анда элине?» деген суроо койгон.

Кийин, депутаттар Кошалиевдин интервьюсун сынга алып, УТРКдан аны жумуштан кетирүүнү талап кылышкандан кийин телеканал бул жагдайга комментарий берген. УТРКдан Кошалиевдин интервьюсу мамканалдан көрсөтүлбөгөнүн, андай план да болбогонун айтып, кызматтык иликтөө жүргүзүшөрүн убада кылышкан.

Бозгун Бакиев

Курманбек Бакиев 13 жылдан бери Беларуста жашайт — ал 2010-жылы тактан кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен ошол жакка качкан.

2010-жылдын 7-апрелинде нааразычылыкка чыккандарга карата курал колдонулуп, натыйжада Ак үй алдындагы аянтта 80ден ашуун адам курман болгон.

Кыргызстанда Бакиев сыртынан 30 жылга эркинен ажыратылган, анын 25 жылын ал күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өткөрүшү керек.

2010-жылдын 10-июнунан тартып 14-июнга чейин Ош жана Жалал-Абад шаарларында этникалык өзбектер менен кыргыздардын ортосунда жаңжал чыккан. Миңдеген имарат өрттөлүп, аскер кызматкерлери менен милициянын курал-жарагы жана атайын техникасы басылып алынган. Расмий маалымат боюнча кагылышууда 426 адам каза тапкан, миңден ашуун адам жарадар болгон.

Июнь коогалаңын иликтеген эл аралык комиссиясынын маалыматына караганда, каза болгондордун саны 470 адамга жеткен. Алардын ичинен 74%ы өзбектер, 25% кыргыздар, ал эми бир пайызын башка этникалык топтун өкүлдөрү түзгөн. Көз жумгандардын 67%га жакыны октон жарадар болгон.

Ал эми Кыргызстандын өкмөтү комиссиянын тыянактарын «бейтарап эмес жана бир жактуу» деп атап, ал эми парламент депутаттары комиссиянын башчысы Киммо Кильюненди «персона нон-грата» деп таанып, ага өлкөгө кирүүгө тыюу салган.