Башкы прокуратура: Беларус бийлиги Бакиев Кыргызстанда «саясий себеп менен куугунтукталып жатат» деп эсептейт

Беларус бийлиги Курманбек Бакиевди «саясий себеп менен куугунтукталып жатат» деп эсептегендиктен Кыргызстанга өткөрүп бербей жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан AKIpress басылмасына билдиришти.

Маалыматка караганда, Беларустун Жогорку соту Бакиевге Бишкекте чыгарылган өкүмдү аткаруудан жана аны кайтарып берүүдөн баш тарткан. Бул маалыматты «Клооптун» журналистине прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады.

Ведомстводон белгилешкендей, бозгун президентке карата үч кылмыш иши козголгон. Бул иштерди жалпылаганда сот Бакиевди 30 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Башкы прокуратура Бакиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн жалпысынан төрт сурам кат жибергенин билдирди.

Бакиевдин тактан кулатылышы

Курманбек Бакиев 2005-жылы март ыңкылабында ошол кездеги президент Аскар Акаев тактан кулатылган соң бийликке келген.

Бакиев башкарып турган мезгил саясий негизде адам өлтүрүү, баласы Максимдин рейдерлик жоругу, авторитаризм, журналисттерди коркутуу жана өлтүрүүлөр менен белгилүү.

2010-жылдын 7-апрелинде 87 киши каза болгон элдик революциянын жыйынтыгында Бакиев тактан кулатылган. Анын ордуна бийликке Роза Отунбаева баштаган убактылуу өкмөт келген. Бакиев болсо үй-бүлөсү менен Беларуска качып, жарандык алган. Азыркыга чейин ал ошол жакта жашайт.

2016-жылы сот бозгун президент Курманбек Бакиевди апрель ыңкылабы боюнча сыртынан 30 жылга эркинен ажыратып, издөө жарыялаган. Иниси Жаныш Бакиев сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылса, уулу Максим мүлкүн кофискациялоо менен сыртынан ушундай эле мөөнөткө кесилген.

Кыргызстан он жылдан бери мурдагы президентти жана анын үй-бүлөсүн экстрадициялоо аракетин жасап келет, бирок азырынча андан майнап чыга элек.

«Башкы прокуратура бир нече ирет кат жөнөткөн. Бирок аталган мамлекет баш тарткандыктан, аларды өлкөгө кайтаруу азырынча мүмкүн болбой жатат», — деген 2022-жылдын 6-апрелинде башкы прокурор Курманкул Зулушев.

Дагы окуңуз: Бекешев: «Бакиевчилерди реабилитация кылуу аракети болуп жатат, бирок андай кыла алышпайт»