УТРК Кошалиевдин Бакиев менен курган маеги боюнча ички териштирүү жүргүзөт

Улуттук телерадиокорпорациясы каналдын кызматкери, коомдук ишмер Кадырали Кошалиевдин бозгун президент Курманбек Бакиевден алган маеги боюнча ички териштирүү жүргүзөт.

УТРКнын 18-майда фейсбук барагына жарыяланган билдирүүсүндө маек Кошалиевдин жеке демилгеси менен тартылганы жана канал ага техника жана башка чыгымдары үчүн каражат бербегени айтылат.

«Учурда УТРКдан эфирге чыккан “Кыргыз ааламы” көрсөтүүсүнүн жасалгасын автор башка максатта колдонгондугу боюнча ички териштирүү жүрүүдө. Айта кетсек, Кадыр Кошалиев тартып келген интервью УТРКнын каналдарынан берилген жок. Ошондой эле, эфирге берүү боюнча планда каралган эмес», — деп белгиленген маалыматта.

Буга чейин, 17-майда УТРКнын продюсери Алмаз Касымалиев Кадырали Кошалиев мурдагы президенттен маек алуу боюнча каналдын жетекчилигине эч кандай маалымат берген эмес деп билдирген.

Кошалиевдин Бакиев менен маек курганы 18-майда Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү. Депутат Элвира Сурабалдиева УТРК Кадыр Кошалиевди жумуштан алсын же канал «УТРК Бакиевдерди реабилитация кылуу ишин баштадыбы?» деген суроого жооп берсин деп талап кылды.

«Курултай деген Кыргызстандагы элдин баарына бирдей мамиле кыла турган институт. [...] Мындай адам [Кадыр Кошалиев)] Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы боло албайт», — деп белгиледи эл өкүлү.

Кошалиевдин Бакиев менен болгон маеги

Коомдук ишмер Кадырали Кошалиевдин тактан кулатылган президент Курманбек Бакиев менен курган маеги 16-майда жарыяланган. Маектин башына УТРКнын «Кыргыз ааламы» берүүсүнүн жасалгасы колдонулган.

Анда Бакиев адвокат жалдап, видеобайланыш аркылуу өз иши боюнча сотко катышкысы келерин билдирген. Ал ага карата козголгон кылмыш иштерин иликтөөдө ката кетирилген деп айткан.

«Мени айыптоо маселе боюнча, эң чоң катачылык кетирилген, Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелерин бузуу менен болгон. Ошого карабастан, ишти сотко өткөрүп, соттоп салышты. Бирөө келип сурап койбоду да, кандай болду 7-апрель деп. [...] Менден адвокат болгон жок. Өздөрү адвокат белгилеп, баарын өздөрү чечип, өздөрү токуп дегендей, чечим чыгарып койгон. Анда бул кызык прецедент болуп жатат да», — деген ал.

Курманбек Бакиев — Кыргызстандын тактан кулатылган экинчи президенти. 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин үй-бүлөсү менен Беларуска качкан, ал жерде башпаанек алып, бүгүнкү күнгө чейин ошол жерде жашап келет.

Сот Бакиевди сыртынан 30 жылга эркинен ажыраткан, анын 25 жылын ал күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өткөрүшү керек. Бирок кыргыз бийлигинин аны өлкөгө экстрадициялоо аракетинен майнап чыга элек.

ТЕМА БОЮНЧА:

Видео: Качкын президент Бакиев жана анын уулдары кандай шартта жашап жатышат?

Бозгун президент Бакиев адвокат жалдап, өз иши боюнча сотко катышкысы келет