Депутат Сурабалдиева: Бийлик Бакиевди актоо болуп атабы деген суроого жооп бериши керек

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева УТРКнын алып баруучусу тактан кулатылган президент Курманбек Бакиевден барып алган интервьюсуна нааразы болду. Бул боюнча эл өкүлү парламенттин жыйынында билдирди.

Журналист аталган интервьюну жетекчилиги менен макулдашпай туруп алганы 17-майда белгилүү болгон.

«Кадыр Кошалиев деген УТРКнын алып баруучусу экен, [Бакиевден] интервью алыптыр. Ошол адамды же жумуштан алышсын же болбосо УТРК улуттук телеканал катары Бакиевдерди актайм деген реабилитация процессин баштадыбы деген суроого элге ачык жооп беришсин. Бул биринчиси. Экинчиси, мындай адамдар Курултайдын аксакалдарынын төрагасы боло албайт [Кадыр кошалиев Элдик Курултайдын төрагасы болуп шайланган — ред.]. Элди бөлбөгүлө. [...] Анын аркасындагы ызы-чууну ойлонуңуздар», — деди Сурабалдиева.

Эл өкүлү «Бакиев өзүн актап, менден башкасынын баары жаман, мен эле тазамын, мен ыйыкмын десе, ошончолук өзүн тазамын десе ушунча жылдан бери коркпой келбейби анда элине?» деген суроо койду.

«Андан көрө элдин астына чыгып, кечирим сурап, болгонун болгондой жоопкерчиликти мойнума алам деп туруп, ошентсе, элдин да мүмкүн мүнөзү башкача болмок да. Бирок бул жерде тескерисинче бардыгын жамандап туруп, акты кара деп туруп, караны ак деп туруп сүйлөп аткандан кийин мага канчалаган адамдар чалып атышат. Жүздөгөн адамды кырып кетишти. Кырып кеткенден кийин дагы аларды алкаштар, накомандар деп улам 13 жылдан бери чыккан интервьюсунда жамандап жатышат. Уят нерсе!» — деп ачууланды эл өкүлү.

Сурабалдиеванын айтымында, элде Бакиев 13 жылдан бери чет өлкөдө үй-бүлөсү менен кайсыл акчага жашап жүрөт деген суроо бар.

«Аны ким иликтейт? [...] Эл арасындагы реабилитация болуп жатат деген суроого өкмөт, президенттин администрациясы же комментарий бергиле, же жанагы адамды, Кошалиевди кызматтан кетиргиле. Эгер бул бийликтин расмий позициясы болбосо, кызматтан кетсин», — деген талап койду Сурабалдиева.

Бир нече күн мурда теле алып баруучу Кадыр Кошалиевдин бозгун президент Курманбек Бакиев менен маектешкен видеосу чыккан. Анда Бакиев анын катышуусу менен онлайн форматта сот процессин өткөрүүнү сунуштаган. Бакиев адилеттүүлүк үчүн иштин материалдары менен таанышып чыга турган адвокат жалдай турганын билдирген. Анын айтымында, ага карата козголгон кылмыш иштерин иликтөөдө каталар кетирилген.

Бозгун Бакиев

Курманбек Бакиев 13 жылдан бери Беларуста жашайт — ал 2010-жылы тактан кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен ошол жакка качкан.

2010-жылдын 7-апрелинде нааразычылыкка чыккандарга карата курал колдонулуп, натыйжада Ак үй алдындагы аянтта 80ден ашуун адам курман болгон.

Кыргызстанда Бакиев сыртынан 30 жылга эркинен ажыратылган, анын 25 жылын ал күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өткөрүшү керек.

2010-жылдын 10-июнунан тартып 14-июнга чейин Ош жана Жалал-Абад шаарларында этникалык өзбектер менен кыргыздардын ортосунда жаңжал чыккан. Миңдеген имарат өрттөлүп, аскер кызматкерлери менен милициянын курал-жарагы жана атайын техникасы басылып алынган. Расмий маалымат боюнча кагылышууда 426 адам каза тапкан, миңден ашуун адам жарадар болгон.

Июнь коогалаңын иликтеген эл аралык комиссиясынын маалыматына караганда, каза болгондордун саны 470 адамга жеткен. Алардын ичинен 74%ы өзбектер, 25% кыргыздар, ал эми бир пайызын башка этникалык топтун өкүлдөрү түзгөн. Көз жумгандардын 67%га жакыны октон жарадар болгон.

Ал эми Кыргызстандын өкмөтү комиссиянын тыянактарын «бейтарап эмес жана бир жактуу» деп атап, ал эми парламент депутаттары комиссиянын башчысы Киммо Кильюненди «персона нон-грата» деп таанып, ага өлкөгө кирүүгө тыюу салган.