Кытай Кыргызстандын артыкчылыктуу долбоорлоруна 42 млн доллар грант берет

Кыргызстан Кытайдан гранттык негизде кайтарымсыз жардам алат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Кытай жардамды Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү Цинь Ганг 18-майда кол койгон Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Кытай өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун алкагында берет.

Ведомстводон кабарлашкандай, грант эки өлкөнүн ортосундагы техникалык-экономикалык кызматташтыктын алкагында артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бөлүнөт.

Амангелдиев 24.kg’ге курган маегинде сөз 42 млн доллар жөнүндө болуп жатканын, ал эми каражат сарптала турган долбоорлорду минкаб аныктай турганын айтты.

Кыргызстан Кытайдан биринчи эле жолу кайтарымсыз грант алып жаткан жок. 2021-жылдын майында Кытай экономикага колдоо көрсөтүү үчүн 54 млн доллар берүүнү чечкен, ал эми 2022-жылдын январында Кыргызстан Кытайдан социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду каржылоого 13 млрд сом өлчөмдөгү эки грант алары айтылган.

Мындан сырткары, бийлик 2023-жылдын февралында кытай грантынын эсебинен 100 даана атайын техника сатып алган.