Талас: Мурдагы губернатор, экс-мэр жана дагы эки чиновник коррупцияга шектелип кармалды

Таласта тигүү фабрикасын куруудагы коррупциялык иштерге байланыштуу Талас облусунун мурдагы губернатору, шаардын экс-мэри, облусту өнүктүрүү фондунун жана Талас райондук курулуш башкармалыгынын директору кармалды. Бул тууралуу 19-майда «Клоопко» УКМКдан маалымдашты.

Кармалгандар тигүү фабрикасын куруу үчүн долбоордун суммасын атайылап жогору көрсөтүп, пайдалуу эмес келишимге кол коюшканы аныкталган. Мындан улам, облусту өнүктүрүү фондунан компаниянын эсебине 25 миллион сом мыйзамсыз которулган. Чиновниктер бул суммадан үлүш алган деп шектелүүдө.

Кармалгандарга «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен иш козголду.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын апрелинде Талас шаарында тигүү фабрикасын куруу боюнча корутунду чыгып, жалпы суммасы 82 миллион сомдук долбоор жактырылган.

Октябрь айындагы өткөрүлгөн мамлекеттик тендерлердин жыйынтыгы боюнча, текстиль фабрикасын курууга «Ника KG» ЖЧКсы жеңүүчү деп табылган.

«Келишимдин негизинде аткарылган иштердин баары иш жүзүндө кабыл алынгандан соң 100% акча каражаты которулушу керек болчу. Бирок мурдагы губернатор 25 миллион сом которгон, анын ичинен биринчиси, кошумча кайра текшерүүнү талап кылган маалыматтарга ылайык, «откат» иретинде акча каражатын алган», — деп айтылат маалыматта.

Бул боюнча каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактыларын аныктоо үчүн долбоорлоо-сметалык документтерге салыштырма талдоо жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында курулуштун баштапкы этабында иш жүзүндө аткарылган иштердин долбоордон 7 миллион сомдон ашык четтөөлөрү аныкталган.

Аткаминерлер менен бирге «Ника KG» компаниясынын өкүлү да кармалды. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.