Ыктыярчылар Дмитриевкадагы атышууда буюмдары күйүп кеткен туристтерге жардам көрсөттү

«Дари добро» коомдук фондунун башчысы Долкунжан Илахунов ыктыярчылар жана кайдыгер карабаган жарандар Чүй облусунун Дмитриевка айылында куралчан кишини кармоо учурунда буюм-тайымы күйүп кеткен Орусия, Беларус жана Франциядан келген туристтерге жардам көрсөтүшкөнүн билдирди.

Анын айтымында, жарандар жабыркаган туристтерге 50 миң сом чогултуп, төрт телефон, кийим-кече, бут кийим жана азык-түлүк өткөрүп беришкен.

«Кант шаардык мэриясы аларды жатаканага жайгаштырды. Ар бир бөлмөгө төрттөн киши жайгашты. Үч маал тамагы берилет», — деп жазды Илахунов.

Туристтер жардам үчүн ыраазычылыгын билдиришти.

17-майда ИИМ менен УКМКнын атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери Ысык-Атанын Дмитриевка айылында куралдуу кишини кармоо операциясын өткөрүшкөн. Министрликтен операция учурунда куралдуу киши каршылык көрсөтүп, натыйжада ал атайын жок кылынганын маалымдашкан.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинен «Клоопко» атайын операцияда эки күч кызматкери жарадар болгонун билдиришкен.

Кийинчерээк жабыр тарткан туристтер шектүү жок кылынган үйдүн экинчи жарымында жашап жатканы белгилүү болгон. Алардын айтымында, атышуу учурунда чыккан өрттөн улам бардык буюм-тайымдары, анын ичинде акча жана банктык карталары күйүп кеткен.

Өрттөнгөн үйдүн кожоюндары «террорчуну» сыртынан кылмышкер экенин билишпегендиктен үйдү эч ойлонбой эле ижарага берип киргизип коюшканын айтышкан. Ошондой эле алар бир кишинин айынан үйгө төрт граната ыргытылганын кошумчалашкан.