Министрлик окуучу кызды тизелетип кечирим сураткандарга жаза колдонууну милдеттендирди

Билим берүү министрлиги окуучу кыздын классташынан тизелеп кечирим сураган видео боюнча билдирүү таратты. Министрлик мектеп администрациясына, соцпедагог жана класс жетекчиге мыйзам чегинде жаза колдонууну милдеттендирди.

Маалыматка ылайык, окуя үстүбүздөгү жылдын 31-январында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы №16 Сайдулла Акбаров атындагы орто мектебинде болгон. Кызды кечирим суратууга эмне себеп болгону айтылган жок.

«Жалал-Абад облустук билим берүү усулдук борборунун директору, Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси мектепке барып, окуянын жүрүшүндөгү кетирилген кемчиликтер боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди», — деп белгилешти министрликтен.

19-майда соцтүйүнгө окуучу кыздын тизелеп кечирим сурап жаткан видеосу тарады. Анда бир нече аял окуучуну башка кыздан кечирим суроого мажбурлашканын көрүүгө болот. Окуучу кыз ыйлап, алдында турган кыздан тизелеп «кечирип койчу, башка андай кылбайм» деген.

Super.kg порталы окуя «окуучу классташ кызынын жакасын калем менен чийип койгондуктан келип чыкканын, ошого кыздын энеси менен мугалимдер окуучуну кечирим суроого мажбурлашканын» жазды.