Ош: Папан суу сактагычындагы суунун абалы боюнча нааразычылыктан кийин тазалоо иштери жүргүзүлдү

сүрөт: Ош шаарынын мэриясы

Ошто Папан суу сактагычындагы суунун абалы боюнча нааразычылыктан кийин тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу «Клоопко» 22-майда Ош мэриясынан билдиришти.

Мэриядан Папан суу сактагычы шаардын аймагына кирбесин айтышып, суу сактагычты башкарууга мэрия кийлигише албайт деп белгилешти. Бирок суу сактагычтын жетекчилиги менен анын тазалыгын сактоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп турарын айтышты.

Ошондой эле 21-май күнү соцтармактардагы наарачылыктан кийин суу сактагычта тазалоо иштери жүргөнүн билдиришти.

«Ушул таштанды ташталган суу түз эле келип шаарга берилет деген жаңылыштык. Фильтрленип, анализи алынып, ичкенге жарактуулугу текшерилгенден кийин гана шаарга берилет. Атайын кампа бар, ошол жака тазаланат. Учурда гигиеналык талаптарды сактоо боюнча расмий каттарды даярдап жатабыз. Папан суу сактагычына да тазалыкты колго алуу боюнча каттарды беребиз», — дешти басма сөз кызматтан.

20-майда Мырзамат Чынгараев аттуу фейсбук колдонуучусу Папан суу сактагычынан тартылган видео жарыялаган. Тасмада суунун абдан кир экени, койдун өлүгү жатканы тартылган.

«Ош шаарынын тургундарынын ичкен суусун көрүп койгула! Суу чарбасы, жергиликтүү бийлик, Папан айыл өкмөтү ушул эл иче турган сууну көрүп, билип туруп, кайдыгер мамиле жасашат. Ал жерден Жогорку Кеңештеги депутаттары да бар, кантип эле көрүшпөйт?! Мына ооруу-сыркоо, мына ден соолук!» — деп жазган Чынгараев.

Оштогу таза суу көйгөйү

Ош шаарынын жарымы Ак-Буура дарыясынан суу ичет. Жамгыр жааган күндөрү суу берүү токтотулуп, айрыкча көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары үчүн бир топ ыңгайсыздыктар жаралат.

Буга байланыштуу тургундар нааразычылыгын билдирип, митингдерге да чыгып келишет. Оштун буга чейинки мэрлери да таза суу көйгөйүн чечүүнү убадалап, бирок ал ишке ашканча өздөрү кызматтарынан кетишкен.

2022-жылдын майында мэрия жаан жааганда суу берүү үзгүлтүккө учурабашы үчүн долбоор сунуштаган. Азия өнүктүрүү банкы ал үчүн 3 млн АКШ долларын бөлүп бермей болгон.

Ал эми үстүбүздөгу жылдын март айында мэр Бакытбек Жетигенов маселени күзгө чейин толугу менен чечүүнү убадалаган.

«Кудай буюрса жай ичи 4 резервуар курулат. Ар бири 6 миң кубдан. Ал жайда бүтсө таза суу маселеси күзгө чейин 100% чечилет», — деген ал.

ТЕМА БОЮНЧА:

Оштун мэри: Таза суу маселеси күзгө чейин 100% чечилет