Оштун мэри: Таза суу маселеси күзгө чейин 100% чечилет

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жээнбеков калаадагы таза суу көйгөйүн үстүбүздөгү жылдын күз айына чейин толук чечүүнү убадалады. Бул тууралуу ал 30-мартта Ошту 2023-2026-жылдары өнүктүрүү планы бекитилип жатканда айтты.

«Кудай буюрса жай ичи 4 резервуар курулат. Ар бири 6 миң кубдан. Ал жайда бүтсө таза суу маселеси күзгө чейин 100% чечилет», — деди ал.

Ош шаарынын жарымы Ак-Буура дарыясынан суу ичет. Жамгыр жааган күндөрү суу берүү токтотулуп, айрыкча көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары үчүн бир топ ыңгайсыздыктар жаралат.

Буга байланыштуу тургундар нааразычылыгын билдирип, митингдерге да чыгып келишет. Оштун буга чейинки мэрлери да таза суу көйгөйүн чечүүнү убадалап, бирок ал ишке ашканча өздөрү кызматтарынан кетишкен.

2022-жылдын майында мэрия жаан жааганда суу берүү үзгүлтүккө учурабашы үчүн долбоор сунуштаган. Азия өнүктүрүү банкы ал үчүн 3 млн АКШ долларын бөлүп бермей болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Буюрса». Оштун вице-мэри таза суу көйгөйүн чечүүнү убада кылды

«Миллиондор кайда кетти?» Ош шаарында таза суу көйгөйү боюнча митинг өттү

Ош: Жаңы жылдан тартып шаарда таза суунун тарифи жогорулайт

Оштун мэри Алмаз Мамбетов таза суу көйгөйү 80%га бир жылда чечилет деп убада кылды

Ош: Депутаттар шаардагы көйгөйлүү таза суу долбоору менен таанышышты

3 млн доллар сарпталчу долбоор. Ош мэриясы таза суу көйгөйүн кантип чечет?