УКМК: Кыргыз-өзбек чек арасынан «тоскоолдуксуз өтүү үчүн» жарандардан пара алган аскер кызматкерлери кармалды

Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Кайтпас» жана «Өтүкчү» көзөмөл-өткөрүү пунктунун кызматкерлери жарандарды «атайылап ыңгайсыз абалга келтирип», опузалап акча алып жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу 22-майда «Клоопко» УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК аталган чек ара бекетинин айрым аскер кызматкерлери жарандардан такай 50 сомдон 1000 сомго чейин пара талап кылып келгенин аныктаган.

«Акча берүүдөн баш тарткан учурда аскер кызматкерлери аларды ар кандай шылтоолор менен паспорттук текшерүүдөн өткөрбөй, чек арачылардын талаптарына баш ийип, керектүү сумманы берүүгө мажбурлашкан», — деп белгилейт УКМК.

Мындан улам, атайын кызмат кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренеси менен иш козгоп, шектүү катары чек аранын төрт кызматкерин кармаганы айтылды. Алар Баткен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары башталды.

Автору: Бурулсун Жумалиева