Ар бирине 250 сомго чейин. Парламентте мал-жандыкка салык төлөө сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаевдин мал-жандыкка салык төлөө боюнча сунушу 22-майда коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбооруна ылайык, жеке менчигинде 40 баш кой-эчкиден, 3 баш уйдан, 2 баш жылкыдан көп малы барлар салык төлөөгө милдеттендирилет.

«Салык төлөөчү айыл чарба жаныбарларына салыкты жылына бир жолу төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө төлөйт: койлорго жана эчкилерге – 100 сом, бодо малга – 250 сом, жылкыларга – 250 сом. Салык төлөгөн адам жайыттарды пайдалангандыгы үчүн акы төлөөдөн бошотулат», — деп жазылат негиздемеде.

Мыйзам долбоору кабыл алынса каражаттын 100%ы айыл өкмөттөрдүн бюджетине түшөрү айтылды. Чогулган акча ветеринардык врачтар менен камсыз кылууга, малды өз убагында эмдөөдөн өткөрүүгө, жайыттарды жана жайыт инфратүзүмүн жакшыртууга жумшалары убадаланды.

Улуттук статистика комитетинин 2022-жылга карата маалыматына ылайык, Кыргызстанда 1,7 миллиондон ашуун бодо мал катталган. Кой-эчкинин саны 6 миллиондон , жылкынын саны 533 миңден ашат.