Казакстандын Евразия улуттук университетинде ОшМУнун филиалы ачылды

Коңшу Казакстандын Астана шаарындагы Евразия улуттук университетинде Ош мамлекеттик университетинин филиалы — кыргыз тили жана маданияты борбору ачылды. Бул тууралуу 24-майда «Клоопко» университеттен тастыкташты.

Маалыматка караганда, филиал бир ай мурда, 24-апрелде ачылган. Мындан ары студенттер алгачкы эки жыл Ош шаарында, кийинки эки жыл Астанада билим алышат.

«Филиалды Евразия улуттук университетинде ачуунун максаты — жогорку кесиптик билим берүүнүн эки багыты котормо жана котормо таануу (англис тили) жана орус тили жана адабияты багытында адистерди биргелешип даярдоо», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле филиалдын арты менен келечекте табият таануу, физика жана IT багыттары боюнча билим берүү программаларынын санын көбөйтүү каралганы белгиленет.

Өткөн жылы ОшМУда Евразия улуттук университетинин филиалы — казак тили жана маданияты борбору ачылган. Маалыматка ылайык, учурда борбордо 30 студент билим алууда.