Токтогул: 23 жаштагы тургундун өлүмүнө шектелип бир тууганы жана бир киши кармалды

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 23 жаштагы тургунду өлтүрүүгө шектелип 32 жаштагы эжеси жана 20 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу 24-майда облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-майда саат 9:00 чамасында Чычкан капчыгайындагы кафелердин биринин тапчанынан 23 жаштагы жигиттин сөөгү табылган. Анын денесинде жарааттары болгон.

Жерине Токтогул РИИБдин ыкчам тергөө тобу барып кароо жүргүзүп, материалдар топтолгон. Факт боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектелип маркумдун 32 жаштагы бир тууган эжеси жана 20 жаштагы райондун тургуну кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.