«Азаттык» үналгысы Ош мэриясына караштуу Жолдор башкармалыгы өткөргөн миллиондук тендерлерине ишкананын кызматкерлери өздөрү катышып, утуп келгенин аныктады. Иликтөө 27-майда жарыяланды.

Иликтөөдөгү маалыматка караганда, кызматкерлердин алды 70 миллион сомдук тендерди утуп, салган жолдору боюнча чуу да чыккан. Ал эми муниципалдык ишкананын жетекчиси Арзыбек Жунусов кызматкерлердин тендерге катышканын моюндап, бирок муну мыйзамдуу деп атоодо.

Тендерлерди уткан кызматкерлер

Ош шаарындагы жолдорду салуу жана оңдоп-түзөө менен алектенген Жолдор башкармалыгына жыл сайын шаардык казынадан миллиондогон каражат бөлүнөт. Башкармалык майда иштерди өзү аткарып, ал эми ири долбоорлорго тендерлерди жарыялайт.

Маалыматка караганда, ишкананын администрациясында онго чукул кызматкер эмгектенет, алардын үчү «ишкерлик» менен алектенет — тагыраагы, өзү иштеген ишкананын тендерлерине катышып келет. Ошондой эле башкармалыктын мурдагы эки кызматкери дагы тендерлерди такай утуп келген.

Жолдор башкармалыгы жарыялаган тендерлерди уткандардын бири — учурда башкармалыктын башкы адиси болуп эмгектенген Жеңишбек Шоноев. Ал мамлекеттик сатып алуулар порталында «Эл-дос Строй Сервис» компаниясынын директору катары көрсөтүлгөн.

«Эл-дос Строй Сервис» компаниясы 2019-жылдан бери Ош шаардык жолдор башкармалыгы өткөргөн тендерлерге катышып, суммасы дээрлик 20 млн сомдук жалпы 34 тендерди уткан.

Аталган ишканада жетектөөчү адис болуп эмгектенген Канатбек Жусупов болсо муниципалдык мекемеге келгенге чейин «Метрополь» курулуш компаниясына ээлик кылган. Учурда компаниянын аталышы «Сад и Мит» болуп өзгөргөн, ага азыр Арналбек Суранов ээлик кылат. Ал жолдор башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусовдун мурдагы айдоочусу.

Сурановдун компаниясы ушул эле ишканадан 14 млн 595 миң 663 сомдук жалпы 14 тендерди утуп алган.

Башкармалыкта механик болуп иштеген Туйгунбек Абдырахманов үстүбүздөгү жылы 14-марттан бери «ТАС и КО» компаниясынын директорлук кызматын аркалап келет. Бул компания Ош шаарындагы Аскар Шакиров көчөсүнө жол салуу үчүн 77 млн сомдук тендерди уткан.

Ал эми муниципалдык ишкананын жетекчсинин мурунку орун басары Сатыбалды Абдылакунов «Алмаз Роуд» компаниясына тишеси бар экени маалым болду. Буга чейин аталган ишкананын жетекчиси катары Жекшенбек Азимкулов көрсөтүлгөн. Абдылакунов менен Азимкулов жакын туугандар экенин «Азаттыкка» бир нече булактар ырастаган.

Басылманын маалыматына ылайык, расмий документтерде компанияга 2021-жылдын 23-августунан бери Улан Эрмекбай уулу ээлик кылары көрсөтүлгөн. Бирок ага карабастан, ишенимдүү булактар компанияга Абдылакунов бүгүнкү күнгө чейин тиешеси бар экенин маалымдашты. Фирма 11 млн 12 миң 549 сомдук жалпы 22 тендерди уткан.

Жол башкармалыгынын жообу

Ош шаардык жолдор башкармалыгынын жетекчиси Арзыбек Жунусов басылмага берген комментарийинде «тендерлердин баары мыйзам чегинде өткөрүлгөн» деп билдирди.

«Катар-катар утса мейли. Арналбек [Суранов тендерди] утуп, бир сонун ишти жасады. Анын эмнеси бар экен? Мисалы, Туйгунбек [Абдырахмановду] айтып жатасыңар, анын компанияга ээлик кыларын силерден угуп жатам. Эгерде “ТАС и КОнун” негиздөөчүсү болсо, анда аны эртең карайм. А Жеңиш Шоноевдин иштегенине аз эле болду, ал мында жумушчу болуп иштейт», — деп билдирди Жунусов.

Анткен менен Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдын «Кызыкчылыктардын кагылышы» беренесине ылайык, сатып алуучу уюмдардын жетекчилери жана кызматкерлери өзүлөрү иштеген мекемеден тендерлерди утса — мыйзамга каршы келет.

2019-жылдан бери жолдор башкармалыгы өткөргөн 34 тендерди уткан «Эл-дос Строй Сервис» компаниясынын негиздөөчүсү, башкармалыктын кызматкери Жеңишбек Шоноев «фирмага тиешеси жок экенин» айтты.

«Фирма түзүлгөндө мен жолдор башкармалыгында жумушчу болуп эле иштечүмүн. Иштегениме 6 жыл болду. [Фирмага] тиешем жок, анын директору башка. Башында мага катталып калган, порталда ошол боюнча кала берет экен. Андан кийин мен бул жакка жумушка киргенде фирма сатылып, башка бирөөгө өткөн. Компания менин иним Санжарга өткөнгө чейин Садирбеков деген киши директор болчу, ошол иштетчү», — деди Шоноев.

Ал эми аты аталып жаткан «Эл-дос Строй Сервис» компаниясы жолдор башкармалыгынын тендерлерине катшыпганына 2 жылдан ашканын белгиледи.

Аны менен катар башкармалыктын жетекчисинин орун басары Тынар Жээналиев буга чейин мекемеде иштеп кеткен кызматкерлердин курулуш компанияларына ээлик кылган учурлар болуп жатканын ырастады. Жээналиев бул боюнча укук коргоо органдары баа берет деп эсептейт.

Өткөн аптада Ош шаарында атайын түзүлгөн депутаттык комиссия 7 ай мурда салынган тротуарлардын 60%ын жараксыз деп таап, аны курган компаниялар 2 айдын ичинде сапаттуу жана техникалык нормаларга ылайык кылып кайрадан куруп чыгууга милдеттендирилген.

Буга негизинен төшөлгөн цементтин жукалыгы, ага чөп чыгып кеткени себеп болгону айтылган. Ал эми мэрияга караштуу жолдор башкармалыгынан депутаттык комиссиянын корутундусун четке кагып, бирок кайра оңдоого тапшырма берилгенин моюндашкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: 7 ай мурда салынган тротуарлардын 60%ы жараксыз деп табылды, башкармалык аны четке кагууда

Ош шаарында 5 ай мурда төшөлгөн тротуарлар чөгүп, чөп өсө баштады

Пандус жок, тротуарлар талапка жооп бербейт. Ошто майыптыгы бар кишилер акция өткөрүштү