Ош: 7 ай мурда салынган тротуарлардын 60%ы жараксыз деп табылды, башкармалык аны четке кагууда

Ош шаарында курулган тротуар. Сүрөт: Медер Абдыманапов

Ош шаарында атайын түзүлгөн депутаттык комиссия 7 ай мурда салынган тротуарлардын 60%ын жараксыз деп тапты. Буга негизинен төшөлгөн цементтин жукалыгы, ага чөп чыгып кеткени себеп болгону айтылды. Ал эми мэрияга караштуу жолдор башкармалыгынан комиссиянын корутундусун четке кагып, бирок кайра оңдоого тапшырма берилгенин моюндашты.

Эмне болду?

Майдын ортосунда шаардык кеңештин депутаттарынан турган комиссия калаадагы тротуарларды кыдырып чыгып, алардын 60%ы жараксыз деген корутунду чыгарган. Депутаттардын бири Медер Абдыманапов асфальттын калыңдыгында, тегиздигинде маселелер бар экенин айтып, айрым жерлерине чөп чыгып кеткенин билдирген.

Депутат тротуарларды курган компания жана жолдор башкармалыгы ишканасы аларды 2 айдын ичинде сапаттуу жана техникалык нормаларга ылайык кылып кайрадан куруп чыгууга милдеттендирилгенин айткан.

Эгер оңдоо иштери берилген мөөнөттө бүтпөсө жол башкармалыгынын жетекчисинин жумуш ордун кайра кароо жана Башкы прокуратура менен УКМКга арыз жазуу боюнча Ош шаар башчысына сунуш берилерин белгилеген.

Тараптардын жообу

Оштогу Абакир уулу Төрөбек көчөсүнө бир чакырым тротуар төшөгөн «Скай Сити» компаниясынын өкүлү «Т-Медиа» телеканалына комментарий берип, «чөп өстүрбөө үчүн зарыл иштерди аткарганбыз» деп актанган.

«Чөп чыккан жерге дагы башка дарыларды сээп, чөбүн өлтүрөбүз. Анан “сыйрытып, кайра бастырабыз” деген сөздүн айтылышы оңой. Андан көрө ар бир чөпкө дары берип чыккан жакшы», — деген курулуш компаниянын өкүлү.

Ал эми Ленин көчөсүнүн 5 чакырымын 42 млн сомго оңдогон «Вега Строй» компаниясынын директору Сыргак Талантбек уулу «чөп өсүп кеткени — тротуардын сапатынын начар экенин билдирбейт» деп эсептеген. Ал чөп «көчөлөр кароосуз калганы үчүн өсүп кеткен» деп билдирген.

Ошондой эле Талантбек уулу депутаттардан турган комиссия курулуш тууралуу чечим чыгарганга чейин эле 300 метр тротуарды кайрадан оңдоп бастырып чыкканын кошумчалады.

«Кайрадан оңдолот»

Мэрияга караштуу жолдор башкармалыгы муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары Тынар Жээналиев 26-майда «Клоопко» депутаттык комиссиянын протоколунуун негизинде жооптуу курулуш компанияларга тапшырмалар берилгенин билдирди.

Жээналиевдин айтымында, бүгүнкү күндө тротуарларды кайра оңдоо иштерин эки айдан кыска убакытта бүтүрүүгө иш-аракеттер көрүлүүдө. Бирок ал курулган «тротуарлардын 60%ы жараксыз деген маалымат чындыкка дал келбейт» деп эсептейт.

«Тротуарлардын жалпы узундугу 35 километр болгон болсо, анын 60%ы жараксыз деп түшүнбөш керек. Анда айрым тротуарлардын гана 60%ы жараксыз, айрымы толук жарактуу, кээ бири 10-15%га жарактуу. Ошондо бир тротуарду айта турган болсок, бир-экөөнүкү гана 60%га жакын жараксыз деп айтылган», — деп билдирди Жээналиев.

Андан сырткары депутаттык комиссиянын жыйынтыгынын негизинде ишканада ички жыйын өткөрүлүп, тиешелүү кызматкерлерге эскертүүлөр берилгенин кошумчалады. Ошондой эле курулуш компаниялары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, тротуарларды кайра оңдоо иштери протоколдун негизинде аткарылат деп ишендирди.

2022-жылды Ош шаарында «Тротуар жылы» деп жарыяланып, 38 жаңы тротуар курула баштаган. Ага шаардык жана республикалык казынадан дээрлик 180 млн сом бөлүнгөн.

Бирок курулуш материалдарынын жана күйүүчү майга болгон баа жогорулаганына байланыштуу аталган суммага 16 гана көчө оңдолору айтылган. Ал эми дагы эки көчөнүн тротуарлары демөөрчүлөр тарабынан жаңыланган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош шаарында 5 ай мурда төшөлгөн тротуарлар чөгүп, чөп өсө баштады

Тротуар жылы: Ошто 180 млн сомго жанжолдор оңдолот

Пандус жок, тротуарлар талапка жооп бербейт. Ошто майыптыгы бар кишилер акция өткөрүштү

Кайсынысы жаман — пандуспу же анын жоктугубу? Бишкек адамдарга ылайыкташпаган шаар бойдон калууда