Пандус жок, тротуарлар талапка жооп бербейт. Ошто майыптыгы бар кишилер акция өткөрүштү

Сүрөт: Хамидулло Узаков/Azattyk

Ош шаарында 2-февралда майыптыгы бар адамдар жана активисттер жөө жүрүш өткөрүштү. Акцияга катышкан 20дай киши калаада майып кишилерге шарттар жоктугун айтып, мэрияга нааразычылыгын билдиришти.

Чогулгандардын айтымында, шаарда тротуарлардын, атайын пандустардын жоктугунан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген кишилердин көчөдө жүрүшү кыйын. Алар бийлик жолдорду курууда майыптарга шарт түзсө дешет.

«Бизге жолдо жүрүү үчүн шарттар жокко эсе. Мисалы, жолдо арыктан өтүүдө кыйынчылыкка туш болом. Пандустар талаптарга жооп бербейт. Өз алдынча чыга албайбыз, сөзсүз көчөдө бирөөнүн камкордугуна муктажбыз», — дейт акцияга келген Зиёдулло.

Акциянын катышуучулары шаардын борборунда жана мэриянын маңдайында жайгашкан Токтогул сейил багын айланып басышты. Ал арада талапка жоо бербеген тротуарларды жана пандустарды белгилеп көрсөтүштү.

Катышуучулардын бири көзү азиз Жакшылык Кадыров шаарда үн берүүчү жол чырактарынын жоктугу алардын өмөрүн «коркунучка салып жатат» деп билдирди. Ал буга чейин көчөдө жүрүүдө өзү туш болгон кыйынчылыктарды айтып берди.

«Жол чыракты көрбөй жолго чыгып алсак унаанын астында калышыбыз мүмкүн. Көп жерде жыгылабыз. Мындай учурлар көп эле болот. Мисалы, жакында эле Ош районундагы аялдаманын алдында бир чуңкурдан бутумду кайрып алгам», — деди ал.

Акцияга катышкан активист Акылай Каримова шаардын көчөлөрүндөгү шарттардын жоктугу майыптыгы бар кишилер үчүн гана эмес, балалуу аялдарга да кыйынчылык туудурат дейт.

«Мисалы Токтогул сейил багындагы жолдор өтө тайгалак, ылдыйыш жерлеринен коляска өтө катуу кетет, атайын тепкичтерден чыга албайбыз, пандустар жок. Бийлик өкүлдөрүнүн “ушундай шарттарды түзүп бергени” үчүн биз пандустардан колясканы алып өткөндө атайын спорт менен машыккандай эле болобуз», — деди Каримова.

Жөө жүрүшкө чыккандар менен мэриянын өкүлдөрү жолугушкан жок. Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Жээнбеков муну акциянын катышуучулары аларга расмий кайрылбаганы менен түшүндүрдү.

Жээнбеков мэр Алмаз Мамбетов калаада жүргүнчүлөр үчүн шарттарды түзүүнү «колго алды» деп ишендирди.

«Жүргүнчүлөргө дегенде ошол майыптыгы бар жарандарга да, балалуу аялдарга, шаардык тургундарга шарттарды жаратууну колго алган. Бул жылы өткөн жылдарга салыштырмалуу көбүрөөк акча бөлүнөт. Мурун 10-15 млн бөлүнсө, быйыл 30-40 млн бөлүнөт. Тийиштүү тармактарга тапшырмалар берилип, бюджетке киргизилди», — деди Жээнбеков.

31-январда Оштун мэри Алмаз Мамбетов кызматкерлери менен шаардагы тротуарларды кыдырган. Анда ал мыйзамсыз орнотулган тосмолорду алып, тротуарларды «жакшыртуу» боюнча тапшырма берген. Бирок тапшырмалар качан ишке ашаары белгисиз.

Кыргызстанда эң аз дегенде 197 миң адамдын майыптуулугу бар. Алар үчүн инфраструктура ыңгайсыз, коомдук транспорт менен толук кандуу пайдалана алышпайт. Мындан сырткары иш таба албай, коом тарабынан кабыл алынбай келишет.

Кыргызстан 2019-жылы Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялаганына карабастан, алар калктын аялуу катмары бойдон калууда жана мамлекеттик чечимдерди кабыл алууга тартылышпайт.

Редактору: Айбике Адилет кызы

ТЕМА БОЮНЧА:

«Сен эч нерсеге татыбайсың!». Зомбулукка кабылган кыргызстандык үч майып аялдын окуясы

Иликтөө: Майып балдарды реабилитациялоо борборунун жерлерин сатып акча жасаган Ош мэриясы