Ош шаарында 5 ай мурда төшөлгөн тротуарлар чөгүп, чөп өсө баштады

Сүрөт: Медер Абдыманапов

3-майда Ош шаардык кеңештин депутаты Медер Абдыманапов Оштогу борбордук көчөлөргө 5 ай мурда төшөлгөн тротуарлар чөгүп, айрым жерлеринен чөп өсө баштаганын айтып чыкты. Ал эми Жол башкармалыгынан «сапатсыз курулган тротуарлар кайра баштан төшөлөт» деп билдиришти.

Эмне болду?

3-майда Ош шаардык кеңештин депутаттары шаардагы жаңыдан төшөлгөн тротуарлардын сапатын текшерүү боюнча атайын депутаттык комиссия түзүп, Вахапов — Ленин көчөлөрүндөгү тротуарларды текшеришкен.

Депутат Медер Абдыманаповдун айтымында, 4-5 ай мурда курулган жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолдор сапатсыз курулган.

«Шаар тургундарынын салыгынын эсебинен курулган бул тротуарлардын абалы абдан начар. Асфальттын калыңдыгы 2-3 сантиметрге жетпейт, көпчүлүк жерлери чөгүп кеткен, асфальт төшөөрдөн мурда трамбовка дээрлик болгон эмес. Чөптөр жерге өсүп чыккандай эле жайнап кетиптир, “эптеп бүтүрүп, кутулсам” деген принцип менен жасалган», — деп билдирди Абдыманапов.

Ошондой эле эл өкүлү мындан ары Ош шаарында жаңыдан төшөлгөн «ар бир тротуар депутаттар тарабынан текшерилерин жана тиешелүү тараптардын жоопкерчилиги кылдат караларын» белгиледи.

Жол башкармалыгынын жообу

Ал эми Ош шаардык Жол башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусов «сапатсыз төшөлгөн тротуарларды тиешелүү “Вега Строй” компаниясы өз каражатынан кайра жасап чыгат» деп билдирди.

Жунусовдун айтымында, бүгүнкү күндө Ленин көчөсүндө тротуарларды оңдоо жумуштары башталды.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, тротуарларды куруу боюнча тендерди утуп алган «Вега Строй» жоокерчилиги чектелген коомун Медетбек Бегинбаев түзгөн жана жетектеп келет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткендеги чөп баскан асфальт: УКМК жагдайды көзөмөлгө алып, текшере баштады

Пандус жок, тротуарлар талапка жооп бербейт. Ошто майыптыгы бар кишилер акция өткөрүштү

Бир кадр менен: Акылбек Жапаров Бишкектин тротуарлары адам баса албаган абалда экенин айтты

Жалал-Абад: Тургундар эки апта мурда колдонууга берилген жол талкалана баштаганын айтышууда