Ташиев Бишкекте УКМКнын жаңы административдик имаратынын курулушуна капсула салды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев 29-майда УКМКнын жаңы административдик имаратынын курулушуна капсуласы салды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев капсула салып жаткан учур. Сүрөт: УКМК

Иш-чарада Ташиев мындай заманбап имараттардын ачылышы менен УКМК кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугу жана ыкчамдуулугу, ички жана тышкы коркунучтарга каршы күрөштүн натыйжалуулугу жогоруларын белгиледи.

Өткөн жылдын сентябрь айынын башында Ташиев өлкө боюнча УКМК үчүн 50дөй жаңы имарат курулганын билдирген.