АКШ жана Европага кыргыз аткаминерлери менен депутаттарына виза бербөө сунушу айтылды

Жарандык коом жана ЖМК үчүн бейөкмөт уюмдар коалициясы Европа өлкөлөрүнүн жана АКШнын Кыргызстандагы элчиликтерине жана консулдуктарына кайрылуу жолдоду. Кайрылууда алар ЖМКнын жана коммерциялык эмес уюмдардын үстүнөн көзөмөлдү күчөткөн чуулгандуу мыйзам долбоорунун демилгечилерине, анын ичинде алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө виза бербөөнү жана алардын мөөнөттөрүн дагы узартып бербөөнү суранышты. Кайрылууну Kaktus.media басылмасы таратты.

Анда президенттин администрациясынын да, парламентарийлердин да «мыйзам чыгаруу демилгелеринин аркасында Кыргызстанда акыркы мезгилде адамдын негизги укуктары менен эркиндиктери чектелип, демократиялык мейкиндиктин тарышы байкалып жатканы» белгиленет.

«Биздин өлкөнүн расмий өкүлдөрү расмий сапарлардын алкагында да, жеке түрдө да Европа өлкөлөрүнө жана АКШга барып жатышканы эч кимге жашыруун эмес. Мындан тышкары көптөгөн аткаминерлердин балдары чет элдик окуу жайларда билим алып, ал жакта туруктуу жашайт. Ушуга байланыштуу жогоруда аталган адамдардын "Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна жана элдин кызыкчылыгына коркунуч туудурган" мамлекеттерде болушун туура эмес, ал тургай кооптуу деп эсептейбиз», — деп айтылат кайрылууда.

Алардын пикиринде, кыргыз жарандарынын гана эмес, ошондой эле чет өлкөлүк жарандардын да сөз, пикир, биригүү эркиндигин чектеген мындай мыйзам долбоорлорун демилгелеп жаткан чиновниктердин «сиздердин өлкөлөрүңүзгө баруусун, бизнес ачып, кыймылсыз мүлк алып, ошондой эле окууга, эс алууга, балдарынын жана жакындарынын туруктуу жашоосуна» жол берилбеши керек.

Кыргызстанда акыркы кездерде бийлик тарабанын ЖМКга, сөз эркиндигине жана жарандык коомго карата басымынын жаңы толкуну байкалууда. Бийлик, эксперттердин пикиринде, ЖМК менен коммерциялык эмес уюмдарга каршы күрөштө мамлекетке курал болуп бере турган мыйзам долбоорлорун демилгелегенди улантууда.

Президенттин администрациясы демилгелеген ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору азыр коомдук талкууда турат. Ал, эксперттердин пикиринде, ЖМКнын ишине кийлигишип, жөнгө сала ала турган Юстиция министрлиги менен Башкы прокуратурага «негизсиз кеңири ыйгарым укуктарды» берет. «Адилет» укуктук клиникасы мыйзам долбоорунун демилгечилери юристтер менен коомчулуктун сунуштарын эске албай жатканын айтышууда.

Ошондой эле «Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдары жөнүндө» эки мыйзам долбоору коомдук талкуу баскычында турат. Анын бирин президенттин администрациясы, экинчисин парламенттин 33 депутатынан турган топ демилгелеген.

Эки долбоор тең бейөкмөт уюмдардын үстүнөн көзөмөлдү күчөтөт. Депутаттар демилгелеп жаткан мыйзам долбоору такыр эле Орусиянын «чет элдик тыңчы» деген аныктамасынын бир түрүн киргизип, коммерциялык эмес уюмдар иш жүзүндө аткара алгыс талаптарды коёт. Эксперттер мыйзам долбоору адам укуктарын бузат деген тыянакка токтолушкан.

Тема боюнча: Орусиянын «чет элдик тыңчысына» окшош. Коммерциялык эмес уюмдар мыйзамына түзөтүүлөр сунушталды