27-май күнү Ош шаарынын Манас-Ата кичирайонундагы «Сайип» каналына 2 жашар бала агып кеткен. Бул окуядан соң тургундар каналдын ачык турган 300 метрге жакын бөлүгүнө тез арада тосмо курууну талап кылып жатышат.

Ал эми аталган каналды көзөмөлдөгөн Ак-Суу суу чарбасынан каналды оңдоого ишкананын шарты жок экенин, оңдоп-түзөө иштерине мамлекеттик казынадан акча бөлүүнү кийинки жылга убадалашканын айтышты.

Эмне болду?

Каналга тосмо куруу талабы менен чогулган 20га жакын тургун менен 30-майда Манас-Ата аймактык башкармалыгынын башчысы жолукту. Нааразычылык билдирген тургундардын бири Уларкан Абдыллабекова «Т-Медиа» телеканалына маек берип, каналдын жанынан өтүп баратканда кооптонорун айтты.

«Төрт балам бар, алар менен чыкканда бирин коляскага салып жүрсөм, үчөө бош жүрөт. Бул жакка дайым келип, “сууга агып жатат” деп карашат. Суу дайыма көп болот, шаркырап агып турганынан корком. Анан “балдар каралбай калып жатат” деген себеп эмес деп ойлойм, тосулушу керек», — дейт Абдыллабекова.

Ушундай эле пикирин жергиликтүү тургун Камила Дүйшеева дагы билдирип, тосмолорду тез арада орнотууну талап кылды.

«Суунун бою Нариманга карайбы, мэриягабы — бизди кызыктырбайт. Тез аранын ичинде тосуп беришсин. Муну дагы бир-эки ай созуп, дагы бир-эки бала өлүшүн каалабайбыз, бизге андай нерсе керек эмес. Биз балдарды канча кыйынчылык менен чоңойттук, ошон үчүн баары тезирээк аракет кылып, реакциясын көрсөтүшсүн», — деди Дүйшеева.

Жергиликтүү бийлик эмне дейт?

Манас-Ата аймактык башкармалыгынын башчысы Жаныбек Чолпонбаев «жашоочулар топтук арыз менен кайрылышса, каналды көзөмөлдөгөн Ак-Суу суу пайдалануучулар ассоциациясы анын четине тосмолорду орнотууга аракет кылат» деп билдирди.

«Элдин талабын четке калтырбастан Ак-Суу суу чарбасына кат жолдоп, [каналдын] эки жагын тосуу маселесин колдоп, тостуруп берели деген ниеттебиз. Тургундардын аразынын негизинде ишкана менен сүйлөшүп, канча күндүн ичинде бүтүрө турганын кошумча кабарлайбыз», — деп билдирди Чолпонбаев.

Ал эми Ак-Суу суу чарбасынын башчысы Арстанбек Төрөбеков «Сайип» каналынын 300 метрдей аянтына тосмо орнотууга каражат жок экенин маалымдады. Анын айтымында, аталган иш кийинки жылы каралмакчы.

«Мен каналдын баарын тосо албайм, мага мамлекеттик казынадан бир сом бере алышпайт. Мен азыр алган кызмат төлөм менен кызматкерлердин айлыгын, салыкты, техника кредиттерин зорго чечип жатам [...] Эмдиги жылы казынага өтөт деп жатат, ошондо миллиарддаган акча берсе, ошондо тосулат да. Кыскасы, кийинки жылы канча миллион сомго “оңдоп-түзөөгө кирет, эмдиги жылы чечип беребиз” дешкен. Кудай билет эми», — деди суу чарба башчысы.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өткөн жылы өлкөдө 85 киши сууга чөгүп каза тапкан. Анын 28и жаш балдар болсо, 13ү өспүрүмдөр болгон. Ош шаарында сууга чөгүп каза тапкан учурлардын 80%ы тосмолору жок, кооптуу деп саналган канал, дарыяларда катталган.

Ош шаарындагы Ак-Буура — Араван каналы. Сүрөт: Мээрим Асанова / 24.kg

2020-жылы Ош шаарынын Туран кичирайонунун тургундары Ак-Буура — Араван каналынын жээгин тосуп берүүнү суранып, жергиликтүү бийликке кайрылышкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ошол жылы аталган каналда 13 адам сууга чөгүп каза болгонун, анын бешөө 12 жашка чейинки балдар экенин билдирген.

Жергиликтүү тургундар каналдын жээгин тосуу өтүнүчү менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Транспорт министрлигине, Ош шаардык мэрияга жана шаардык кеңешке кайрылышканына карабастан эч кандай майнап чыкпаганына нааразы болушкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кара-Сууда 41 жаштагы аял сууга чөгүп кетти

Ысык-Көл: Эки сутканын ичинде дагы эки адам сууга чөгүп кетти

Бостериде 25 жаштагы жигит сууга чөгүп кетти