Бостериде 25 жаштагы жигит сууга чөгүп кетти

Ысык-Көлдүн Бостери айылында 25 жаштагы жигит сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу «Клоопко» Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, окуя 23-июлда «Борбор» пансионатынын аймагында болгон.

Turmush басылмасы жигит достору менен эс алып жүргөнүн жазды. Ал сууга чөгө баштаганда, достору жардам сурап кыйкыра башташкан. Куткаруучулар жигитти суудан чыгарганы менен ал каза болуп калган.

Ысык-Көл ОИИБи 19-июлда Тоң районундагы курулушу бүтө элек «Аалам Ордо» комплексинин пляжында эки жигит сууга чөгүп кеткенин билдирген. Окуя 16-июль күнү болгон. Каза болгондордун бири 22 жашта, экинчиси 16 жашта экени айтылды.

Милициядан билдиргендей, жанында эс алып жаткандар жигиттерге жардам берүүгө аракет жасап, бирок суудан бирөөсүнүн гана денесин чыгара алышкан. Экинчи кишинин денесин ӨКМдин кызматкерлери алып чыгышкан.

17-июлда өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда 4 жашар кыз чөгүп кеткенин кабарлашкан.

Мекемеден кыздын сөөгүн издөө үчүн 25 куткаруучу тартылганын белгилешкен. Андан тышкары милиция кызматкерлери жана айыл тургундары тартылган. Кыздын сөөгү дагы деле изделүүдө.

Адам чөгүп баратканда эмне кыларын билесизби?

Эл арасында сууга чөгүп бараткан адам кол булгап жардам сурап кыйкырат деген миф бар. Бирок ИИМдин маалыматына ылайык, чөккөн адам кыйкыра албайт — андайда аба жетпейт, чамасы жетпейт.

Биздин ТикТок каналыбыздан сууга чөгүп бараткан кишинин белгилер кандай болорун көрсөңүз болот.

@kloopnews

Вы не боитесь плавать?

♬ оригинальный звук - kloopnews