Бир кадр менен: Чолпон-Атадагы мамлекеттик резиденциянын аймагына жаңы парк ачылды

30-майда Чолпон-Ата шаарына президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен жаңы парк ачылды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, парк үчүн жер №2 мамлекеттик резиденциянын аймагынан бөлүнүп берилген. Анын аймагына амфитеатр, велосипед үчүн жол, көпүрө, оргума жана жасалма арал курулду.

Парк шаардык мэриянын карамагына өткөрүлүп берилди. Жапаров эс алуучу жай жыл бою фестиваль, маданий иш-чараларды өткөрүүчү жай болуп калат деп эсептейт.

Өлкө башчысы парк жарым жылда курулуп бүткөнүн белгилеп, мындай иштерге туура мамеле кылуу менен дагы башка объектилерди ачууга болорун билдирди.

Жапаров тургундарды туристик сезондо тазалыкты соктоого, инфраструктура жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга чакырып, бул нерсе туризимди өнүктүрүүчү фокторлордун бири деп белгиледи.

Автору: Бурулсун Жумалиева