Садыр Жапаров: Асман шаарынын курулушу 30-июнда башталат

Президент Садыр Жапаров 30-июнда Ысык-Көл жээгине түшө турган Асман экологиялык шаарынын курулушуна капсула саларын жарыялады. Бул тууралуу президент Чолпон-Ата шаарындагы жаңы парктын ачылышында айтты.

Президент долбоордун кагаз иштерин даярдоого 1,5 жыл кеткенин эске салды.

«Келечекте ал шаарда 500 миңден 700 миңге чейин адам жашайт. Шаардын жалпы аянты — 4 миң гектарды түзөт. Аны дагы сырткы инвесторлор [салат]. Биз, Кыргызстан бир дагы тыйын акча короткон жокпуз», — деп билдирди Жапаров.

Ошондой эле ал жергиликтүү аксакалдарга кайрылып, жаштар инвестордон акча талап кылып же шаардын курулушуна тоскоолдук кылбашы үчүн аларга тарбия берүүнү өтүндү.

Буга чейин Асман шаарын курууга Түштүк Кореядан келген компания 1 миллиард доллар инвестиция салууга даяр экени маалымдалган. Бирок компаниянын аты атала элек.

Асман шаарын Ысык-Көлдүн жээгинде курууну каалап жатышат, анын долбоору 2021-жылдын орто ченинде тааныштырылган. Бийлик долбоор Бишкекти бошотууга өбөлгө болуп, өлкөдө туризмди өнүктүрүүгө жол ачарын билдирген.

Авторлордун оюнда, шаар 500 миң туруктуу жашоочуга ыйлайыкталат, ал эми бүтүндөй эко-шаардын өзү 7-10-жылдык мөөнөттө курулмакчы. Экономика министрлиги шаардын курулушун 20 млрд долларга баалаган.